Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 09 Июль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 09 Июль 2022
Шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айыл аймагында ыйык Курман айт майрамында кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар, аксакалдар катышууда.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж тургундарга, карыларга, пенсионерлерге тамак-аш азык-түлүктөрү үйлөрүнө жеткирилди.
Бул акция буга чейин салтка айланып, ыйык Курман айт майрамында бардык Ош шаарынын тургундарынын башын бириктирип, муктаж жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарында 9-июль күнү борбордук аянтта ыйык Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.
Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.
“Сиздерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан, шаардын мэриясынын жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү ар бирибиз муктаж болгондорго жардам берип, ата-энелерге терең урмат-сый көрсөтүп, туугандарга, досторго зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран түшүрөбүз. Курман айт ар бир үйгө тынчтык жана береке, жылуулук жана кубаныч, биримдик жана ынтымак алып келсин! Майрамда бардык жакшы ниеттериңиздер, жакшы тилектериңиздер ишке ашсын!”, - деди М.Исаев.
Майрамдык Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор!
Кымбаттуу мусулмандар!
Сиздерди бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулука жана кайрымдуулукка чакырат. Курман айт мусулмандар үчүн барга каниет кылып, ар бир инсанды мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү.
Бул майрамды жалпы эле мусулман инсандар диндер аралык ынтымак менен достукту бекемдөөчү, өз ара сый-урматта болууга үндөгөн, адамзат үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук катары эсептеп, тутунуп келебиз. Андыктан Курман айт мекендештерибиздин адеп-ахлагынын өсүүсүнө жана келечекке болгон ишенимдеринин бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Ушул жылга койгон таза ниет, ак тилектерибиз ишке ашаарына, көп улуттуу шаар калкы ынтымакта, биримдикте жашап, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө татыктуу салымдарын кошооруна ишенем.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн Кудайдын ыйык күнүндө баарыңыздардын аруу ой-тилегиңиздер орундалсын. Сиздерге бакубат өмүр, тынчтык жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалаймын. Жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, бейпилдик орносун.
Айтыңыздар маарек болсун!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });