Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 28 Июль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 28 Июль 2022
“Сулайман-Тоо” МАБда 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ программасын иштеп чыгуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобунун калк менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Иш-чаранын негизги максаты калк арасында социалдык маанилүү маселелерди Программанын долбооруна киргизүү максатында аныктоо үчүн болду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар селсаяктардын абалын жөнгө салуу, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле миграция, аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо маселелерин көтөрүштү.
Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу “Керме-Тоо” МАБынын калкы менен өткөрүлөт. Кандайдыр бир себептерден улам жыйынга катышууга үлгүрбөй калган бардык жарандар өз сунуштарын Ош шаарынын мэриясынын №117 кабинетине, 03222-5-50-66, 0558-93-90-33 телефон номерлери аркылуу калтырса болот.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, 16-июлдан тарта Ош шаарындагы бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырыла баштады.
Бүгүн графикке ылайык, “Манас-Ата” МАБында балдар үчүн оюн-зоок программасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө “HAPPYLAND” балдардын оюн-зоок борборунда балдар үчүн иш-чаралар уюштурулду.
Аны менен катар ар бир МАБдын балдарын шаардык “Дельфин” бассейнине алып барышууда.
Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат, алар МАБ жана тиешелүү коомдук органдар аркылуу чакырылат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 28-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бир катар саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы менен таанышты. Анда Ош шаардык перинаталдык борборуна барышып, КММАнын Түштүк филиалынын имаратынын абалын жана кадрларды кайра даярдоону көрүштү. Учурда бул имараттын биринчи кабатында оңдоо иштери жүрүп жатат, план боюнча бир айдын ичинде бүткөрүлөт.
Перинаталдык борбор менен шаардык клиникалык ооруканада кошумча орундар жетишсиз болуп жаткандыктан, бул имаратты шаардын саламаттыкты сактоо тармагына кайтарып берүү маселеси курч турат.
Андан ары Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, анда 300 орундуу кошумча корпус жана дарыкана куруу зарылдыгы айтылды. Жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сунушталган долбоорду карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын абалы менен таанышып, тиешелүү кызматтарга лаборатория, ашкана жана кир жуучу жайдын административдик имаратынын курулушунун долбоорун даярдоо боюнча иштерди баштоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары, оорукананын жаңы имаратында желдетүү маселесин карап чыгуу жооптуу мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө тапшырылды.
Алмаз Мамбетов белгилегендей, Ош шаарынын мэриясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды колдоо жана жардам көрсөтүү болуп саналат.
Соңунда мэр шаардык оорукананын эски имаратынын аймагындагы жаңы поликлиниканын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул жерге ҮДТнын №5 филиалын убактылуу жайгаштыруу пландалууда. Иш Катар фонду тарабынан колдоого алынган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, август айынын башында бардык 7 муниципалдык аймактык башкармалыкта социалдык дүкөндөр ачылат.
Долбоордун негизги максаты - калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10% төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан камсыздоочуларды (поставщик) тандоо иштери аяктады.
Социалдык дүкөндөрдө продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан ишке ашырылат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Манас-Ата МАБдагы Салиева 49 дарегинде жайгашкан жатакананын жанында эки мыйзамсыз соода объектисин алуу иштери башталды.

Жеринде Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы иш алып барууда.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн аталган көчөдөгү мыйзамсыз тосмолордон арылуу иштери башталды. Бул иштер Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын бекитилген иш планына ылайык, Краснофлотская, Н.Байтемиров, Урицкий көчөлөрүн бойлой жолдун эки тарабында узундугу 2,2 км, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуарды реконструкциялоо пландалууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });