Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 26 Июль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 26 Июль 2022
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов Ошко келди. Ош шаарынын эл аралык аэропортунан аны калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.
Абдрахмановдун Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуусу пландалууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кыргызстанда биринчи жолу сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди.
“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, бул пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок орнотулат, анда туруктуу негизде диспетчер жайгашып, тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз чыгаруу маселесин көзөмөлдөйт.
Бул долбоор менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанисин белгиледи.
Жалпысынан мындай стационардык участоктордон 10го жакын орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор ишкана тарабынан өз күчү менен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын Аматов көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштерине ылайык, тротуарга орнотулган коммерциялык жайлардын тирөөчтөрүн жана тепкичтерин сүрдүрүү иштери жүрүп жатат. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу жана мыйзамсыз курулган 7 объект алынды.
Белгилей кетсек, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы калаадагы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 26-июль күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду.
Калаа тургундарын вице-мэр Жасур Азимов мэриянын бөлүм башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту. Жарандар социалдык көйгөйлөр, материалдык жардам алуу, документ иштери менен кайрылышты.
Ар бир көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби иштелип чыгып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтому менен бекитилген.

Аталган тартиптин милдеттери болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана мамлекеттик үлүшү бар коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен өз ара аракеттенүүдө инвесторлордун маселелерин чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү, инвесторлордун негиздүү даттанууларынын Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерин минималдаштыруу,  инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу, Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу. 

Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби тиркемеде тиркелет. 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });