Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 23 Июль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 23 Июль 2022
Ош шаарында көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына келтирүү иштери уланууда.
Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан соода объектилериндеги бардык көрнөк-жарнактарды талапка ылайык келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү.
Графиктин алкагында “Манас-Ата” жана “Амир-Тимур” МАБдарында 200дөн ашык коммерциялык объектилер текшерилип, анын жүрүшүндө соода жайларынын жана имараттарынын фасадындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Рейддердин жыйынтыгында 25тен ашык ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында тротуарларга орнотулган 20дан ашык жарнак тактайлары (штендер) алынды.
Көрсөтмөлөрдү алып мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен вице-мэр Сонунбек Жунусбаев Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына барып, автобус жана троллейбустарга gps-трекинг системасынын иши менен таанышты.
Мында жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү ыңгайлуулуктарды түзүүгө өзүнчө басым жасалат.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын ар бир тургуну калаадагы автобустардын жана троллейбустардын кыймылын чагылдырган BusService мобилдик тиркемеси аркылуу жолдо жүрүү убактысын пландай алат.
Учурда тургундар жана коноктор үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жол акысын накталай эмес төлөм менен ишке ашырууга аракет көрүлүүдө. Бул багытта жүргүнчүлөрдүн электрондук карталарын ЭлСом жана Megapay системалары менен интеграциялоо процессин тездетүү тапшырылды. Бүгүнкү күндө бул карталардын популярдуулугу төмөн болуп, баланс толуктоо ХБК кичирайонунда жана Юго-Востоктогу автоунаа ишканасынын диспетчердик борборунда гана мүмкүн.
Ошондой эле, алып келинүүсү күтүлүп жаткан жаңы автобустарды автобустарды тейлөөгө айдоочуларды жана техникалык кызматкерлерди алуу маселеси да талкууланды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу “Туран” МАБында эл менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Иш-чара калк арасында социалдык маанилүү маселелерди аныктап, Программанын долбооруна киргизүү максатында болду.
Жыйындын алкагында жергиликтүү тургундар балдардын эс алуучу жайларынын (балдар жана спорт аянтчаларынын) жетишсиздиги, ошондой эле эрте никеге туруу, миграция, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу маселелерин талкуулашты.
Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу кийинки жумада “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен өткөрүлөт.
Кандайдыр бир себептерден улам жыйынга катышууга үлгүрбөй калган бардык жарандар өз сунуштарын Ош шаарынын мэриясынын №117 кабинетине, 03222-5-50-66, 0558-93-90-33 телефон номерлери аркылуу калтырса болот.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Суббота, 23 Июль 2022 11:36

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

Ош шаарынын мэриясы эскертет!
Шаардын аймагында аба ырайынын ысык болушуна байланыштуу уруксат берилбеген жерлерде (анын ичинде кооптуу аймактарда) (дарыялар, каналдар, суу сактагычтар) сууга түшкөн жарандардын саны көбөйдү. Кырсыктардын алдын алуу үчүн, тыюу салынган жайлардан абайлаңыздар.
▶️ Андыктан ата-энелерди буга көңүл бурууга чакырабыз. Балдарыңыз менен сууда сүзүү эрежелерин сактоосу жөнүндө баарлашыңыз.
▶️ Балдардын коопсуздугу үчүн аларды суунун жанында кароосуз калтырбаңыз.
▶️ Балдар белгиленбеген жерлерде сууга түшпөшү керек!
▶️ Жашы жете электердин коопсуздугун сактап, этият болуңуз!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });