Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 20 Июль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 20 Июль 2022

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин орнотуу жана пайдалануу эрежелерине 1,2-тиркемелерине өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук угууга чакырат.  

Сунушталган коомдук талкуусу 2022-жылдын 13-сентябрында Ош шаарынын мэриясынын биринчи кабатынын кичи залында өтөөрүн маалымдайбыз. Ош шаарындагы сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин орнотуу жана пайдалануу эрежелерине өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуусуна катышууну каалгандар катталуу үчүн жана сунуштарды калтыруу үчүн төмөндөгү даректерге жана номерлерге кайрылыңыздар.

Дареги: Ош шаары, Заднепровский көчөсү, 4.

( Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ).

Тел: 03222 7-06-77, 996(552) 413-765.

____________________________________

Коомдук угууга сунуштайбыз:

ОШ ШААРЫНДАГЫ СЫРТКЫ ЖАРНАМА ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЪЕКТИЛЕРИНИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ӨЗГӨРТΥΥ КИРГИЗΥΥ БОЮНЧА КООМДУК УГУУГА СУНУШ (1-ТИРКЕМЕ)

 

 

Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелеринин 1-тиркемесине өзгөртүү киргизүүнүн негизинде сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотууну жана пайдаланууну аныктоо үчүн колдонулат.

Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерине өзгөртүү киргизүү төмөндөгү салыштыруулар менен аныкталат.

 

Эски

Жаңы

5-пункт Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар

5-пункт Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар

5.2. Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы макулдашат:

долбоордук-сметалык иш кагаздарын;

- сырткы жарнама объектисин орнотуу концепт-программасынын долбоорун;

- шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнама жана маалымат объектилердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана кайрадан орнотулуучу конструкцияларга мөөнөтүн узартуу шартында архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) берет жана орнотулгандарга жыл сайын АТКнын мъънът\н узартат.

 

5.2. Ош шаарынын архитектура жана       шаар куруу башкармалыгы макулдашат:

- долбоордук-сметалык иш кагаздарын;

- сырткы жарнама объектисин орнотуу концепт-программасынын долбоорун;

- шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнама жана маалымат объектилердин баардык түрлөрүнүн (“Г”, “Т”, “Арка П”, “Мегаборд” жана кичи форматтагы) дизайн-долбоорун жана  жаңыдан орнотулуучу конструкцияларга бир ирет гана (АТК) архитектуралык техникалык корутунду  берет.  Орнотулгандарга жыл сайын иликтөөдөн өткөрүү үчүн көз карандысыз эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.

Кичи форматтагы жарнама орнотмолорго жана дубал бетиндеги жарнамалык конструкцияларга эксперттик иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.

7-пункт Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин пайдалануу жана иликтөө

7-пункт Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин пайдалануу жана иликтөө

7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнама жана маалымат объектисин пландуу иликтөө үчүн жарнама жайылтуучу Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгына кайрылат, пландуу иликтөөнү өз эсебинен жылына бир жолу жүргүзөт. Сырткы жарнама жана маалымат объектисин маалымат аянты 140 чарчы метрден (м2) ашкан учурда кошумча иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.

 

7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнама жана маалымат объектисин пландуу иликтөө үчүн жарнама жайылтуучу сырткы жарнама жана маалымат объектилердин баардык түрлөрүнүн (“Г”, “Т”, “Арка П”, “Мегаборд” жана кичи форматтагы) дизайн-долбоорун жана  жаңыдан орнотулуучу конструкцияларга бир ирет гана (АТК) архитектуралык техникалык корутунду берет.  Орнотулгандарга жыл сайын иликтөөдөн өткөрүү үчүн көз карандысыз эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.

Кичи форматтагы жарнама орнотмолорго жана дубал бетиндеги жарнамалык конструкцияларга эксперттик иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                             

Сырткы жарнама жана маалымат объектисин маалымат аянты 140 чарчы метрден (м2) ашкан учурда кошумча иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОШ ШААРЫНЫН МҮЛКҮКӨ СЫРТКЫ ЖАРНАМА ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЪЕКТИСИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ ТӨЛӨМДҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ИРЕТИНЕ ӨЗГӨРТΥΥ КИРГИЗΥΥ БОЮНЧА

КООМДУК УГУУГА СУНУШ (2-ТИРКЕМЕ)

 

 

 

 

 

Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө эрежелеринин 2-тиркемесине өзгөртүү киргизүүнүн негизинде сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.

Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо иретине өзгөртүү киргизүү төмөндөгү салыштыруулар менен аныкталат.

 

Эски

Жаңы

Ош шаарынын аймагындагы күйүүчүмай куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зооналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 1000 сомдон эсептелинсин.

Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зооналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 4000 сомдон эсептелинсин.

- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Арка(П) түрүндөгү сырткы жарнама объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн К3=0,7

- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар сырткы жарнама объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн

К3=1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });