Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 04 Ноябрь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 04 Ноябрь 2022
“Амир-Тимур” МАБда бүгүн дагы бир социалдык дарыкананын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жолдошев, “Дармек-Фарм” ЖЧКсынын директору Зайырбек Киргизбаев, “Социалдык аптека” ЖЧКсынын директору Асел Токтомушева, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты.
Өз сөзүндө В.Рыскулова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана калктын аялуу катмарына зарыл шарттарды түзүү максатында калаанын ар кайсы кичи райондорунда социалдык дарыканаларды ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Бул дарыканаларда ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат.
Карыларга 15% арзандатуу берилет.
Калган жарандарга - 10%.
Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.
Белгилей кетсек, бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин социалдык Курманжан-Датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.
Маалым болгондой, жакын арада Ош шаарында дагы 3 социалдык дарыкана ачылат. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана “Дармек-Фарм” ЖЧКсы менен биргеликте ачты.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар мамлекеттик тилди укуктук жөнгө салуу, билим берүү, жарнак тармагындагы маселелерди талкуулашты. К.Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашыруу зарылдыгын кошумчалады.
Ошондой эле шаардагы ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун сааттарын көбөйтүү маселеси каралды. Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эксперт-лингвист жаңы кызмат ордун киргизүү маселеси көтөрүлдү. Анын функционалдык милдеттерине тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын туура жазылышын, тексттердин стилин текшерүү жана жөнгө салуу маселелери камтылат.
Мэр бул айтылган демилгелерди колдоду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болгон ЖМК өкүлдөрүн мэр Алмаз Мамбетов куттуктады.
Мэр өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында жасалып жаткан иштерди, жетишкендиктерди жайылтып, кемчиликтерди түзөтүүдө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Майрамдык салтанаттын алкагында калаа башчы журналисттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });