1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 06 Сентябрь 2017

Бүгүн, 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзмөл пунктунун расмий ачылышы болду.Ага КРнын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,  Ош облусунун жетекечиси Таалайбек Сарыбашев, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү  жана миңдеген эки элдин жарандары катышты.

 Ачылыш аземинде алгач кыргызстандык таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Андан кийин ачылыштын расмий бөлүгүндө эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, жалпы элге куттуктоо айтышты. 

Андан кийин салтанаттуу ачылыштын катышуучулары Өзбекстандын аймагына өтүп, иш-чара музыка менен коштолду. Ошондой эле, өзбекстандыктар бул салтанаттын урматына дайыма жакшылыктар, тынчтык болсун деген ниетте курмандык чалышты.

 Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев жалпы эки элди куттуктап сөз сүйлөдү.

-“Бүгүн эки эл үчүн чоң майрам. Бул күндү “Кыргыз-Өзбек достук күнү” деп белгилесек болот. Кечээ күнкү расмий иш-сапардын алкагында 2 өлкөнүн президенттеринин жүргүзгөн туура саясатынын негизинде, 15 жылдык чек ара көйгөйү болгон маселеге 15 минутада чекит коюлду. Ошондой эле, Ош менен Андижан шаарлары соода-экономикалык, маданий гуманитардык мамиле келишимине кол койдук. Мындан ары , эки шаар эмес эки мамлекеттин достугуна жаңы кадамдар ачылып, мурунку чек ара көйгөйлөрү болбойт. Ал үчүн өзгөчө эки тараптын укук коргоо органдарына, бажы кызматкелерине, чек арачыларга президенттердин тапшырмасы катуу болду. Буга чейин элдер чек арадан өтүүдө телеграмма же атайын чакыруу кагаздары сыяктуу бир топ тоскоолдуктарга кабылып келген болчу, мындан ары паспорту менен кадимкидей эле өтсө болот,”,-деди А.Кадырбаев.

 

Айта кетсек, көзөмөл пунктту ачуу боюнча эки өлкөнүн башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 5-6 сентябрда болгон расмий иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 6-сентябрь күнү Ош шаарына КРнын вице-премьер-министри Дүйшенбек Зилалиев иш сапары менен келип, бир нече долбоорлор менен жеринен таанышты. Алгач, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгын таза суу менен камсыз кылуу максатында курулуучу суу кампасынын ордун жана сыйымдуулугу 6000 м3 болгон суу кампасын көрдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Жапалак айылдык аймактык башкармалынын жана Кең-Сай массивинин жашоочуларын толук кандуу таза суу менен камсыз кылууда пландаштырылган үчүнчү суу кампаны куруу зарылчылыгын айтып, ага 60 млн.сом акча каражаты сарпталаарын кошумчалады.

Ошондой эле, эки жыл мурун Ак-Буура - Араван каналдардан суу колдонгон аймактар учурда 4-5 саат таза суу менен камсыз болуп жаткандыгын билдирди.

Андан соң, Д.Зилалиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте санитардык полигон курууга пландаштырылган жерди, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун долбоорун жеринен көрдү.

Ош шаарындагы унаа тыгындарын чечүү багытында пландаштырылган айлампа жолго жалпысынан 1 млрд. 754 млн. сом акча каражаты керектеле тургандыгын  КРнын транспорт жана жолдор министринин орун басары  Азимжан Жусубалиев билдирип, каражат бөлүнсө 28 км жол 2 жыл аралыгында курулуп бүтөөрүн кошумчалады.

Вице-премьер-министр Д.Зилалиев иш-сапарынын алкагында КРнын транспорт жана жолдор министрлигине караштуу мамлекеттик автобекетинин жана Ош шаардык жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

6-сентябрь Ош шаарында “Жергиликтүү жамааттардын күчү жана биримдиги- мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аталышында семинар-тренинг башталды.   Ага КРнын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча Агенттигинин, Корея Республикасынын, Сэмаыльды глобалдаштыруу фондунун, «Кыргызстандын Сэмаыль Лидерлеринин Лигасы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жети облустан келген акимдер, айыл өкмөт башчылары жана ишкерлер катышты.

Шаар мэри аталган семинар «Кыргызстандагы Сэмаыль лидерлеринин Лигасы» коомдук бирикмесинин тажрыйбасын жайылтууга жана жергиликтүү жамаатардын бул багыттагы ишмердигин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөөрүн билдирди.

-“ Ош шаарынын мэриясы «Кыргызстандагы Сэмаыль лидерлеринин Лигасы» коомдук бирикмеси менен бир топ мезгилден бери кызматташып келе жатат. Бул кызматташтыктын алкагында «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыктын 6 адамдан турган лидерлери Кореяда жана өлкөбүздүн башка аймактарында атайын окуулардан өтүшүп, «Жаңы айыл кыймылынын» идеяларын өз айылдарында жайылта башташты. Ал эми бүгүнкү семинар-тренинг Ош шаарынын мэриясынын бул багыттагы иш-аракеттерин мындан ары ар тараптан өркүндөтүүгө жол ачат деп ойлойм. Ар бир өлкөнүн өзүнүн салттуу, маданий, саясий жана башка ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан пайдалуу жана ыңгайлуу жактарын өздөштүрүп, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн колдонууга жакшы шарт түзүлүп жатат. Баарыбыз биргеликте иш алып барсак, өнүгүү, өсүү да болот”,-деди А.Кадырбаев.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө, катышуучуларга Ош шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамааттардын колдоосу менен аткарылып жаткан иш аракеттери тууралуу жана Корея Республикасындагы Сэмаыльды Глобалдаштыруу Фондунун ишмердигин баяндаган кыскача тасмалар көрсөтүлдү.

Айта кетсек, аталган окутуу тренинги айыл жергесиндеги жашоо шарттарды жакшыртуу багытын көздөйт. “Жаңы айыл кыймылы” негизги моралдык 3 принципте иш алып барат: талыкбай эмгектенүү, өзүнө өзү жардам көрсөтүү, кызматташтык.

Белгилей кетсек, “Жаңы айыл кыймылынын” алкагында өткөрүлүп жаткан “Жергиликтүү жамааттардын күчү жана биримдиги- мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аталышында семинар-тренинг 9-сентябрга чейин Ош шаарында  уланат. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Сентябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу