1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Понедельник, 12 Июнь 2017

Бүгүн, 12-июнда "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Россия күнүнө карата уюштурулган  “Таң калыштуу Россия” фотокөргөзмөсү ачылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, Россия газетасынын Борбор Азиядагы өкүлү Дмитрий Евлашков жана шаар тургундары келип катышты.

Көргөзмөдө жалпысынан Россия газетасында иштеген фотожурналисттеринин 60га жакын эмгеги коюлган. Сүрөттөрдө Россиядагы жөнөкөй адамдардын турмуш тиричилиги, дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, жаратылыш кубулуштары чагылдырылып турат.

Фотокөргөзмө Россия күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы жана Россия газетасы менен биргеликте уюштурулган. Ал 25-июнга чейин уланат. Бул аталган газетанын үчүнчү ирет уюштуруп жаткан фотокөргөзмөсү. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кечээ, 11-июнда Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири ишкананын ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев катышты.

Өкмөт башчы сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкананын ачылышы, аймакта эң ири сүт заводу болуп, калк арасында сүт маселесин чечип, кошумча жумуш орундарын түзүп, ички миграцияны азайтарын билдирди. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарды ишканага максималдуу түрдө колдоо көрсөтүп, айыл чарбасындагы кайра иштетүү тармагына ыңгайлашуусуна шарт түзүүгө жардам берүүгө чакырды.

«Үстүбүздөгү жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыянын суммасын 7 миллиардка жеткирели деп жатабыз. Лизингге техника берүү программасы кеңейип, өлкөдө кооперативдерди өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев «Ош Ак-Сүт» заводу элди сүт азыктары менен камсыздоочу алгачкы ишкана экендигин билдирип, шаардыктарды жумуш орундары менен камсыздоодо  ракеттер жүрүп жаткандыгын кошумчалады

Белгилей кетсек, ишкана  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы фермерлерден сүт сатып алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарын чыгарат. Заводдун курулушу Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берет. Жалпысынан 60 адам жумуш менен камсыз болот. Ишканада күнүнө 10дон 160 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө болот.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кечээ, 11-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерреш Ош шаарына иш-сапары менен  келип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен биргеликте  2010-жылдын июнь айында каза болгондорду эскеришти. Алар “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, июнь оуясынын 7 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту.

Андан соң, жергиликтүү жашоочулар жана Ош шаарынын, Ош облусунун администрация башчылары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн өткөндөн сабак алып, тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти туу тутуп, мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө салым кошуп жашап келе жаткандыгын белгилеп, Өкмөт башчыга сөз узатты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков июнь окуяларында эл аралык коомчулук, өзгөчө БУУнун системасы убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө түрткү болгондугун өз сөзүндө белгилеп, КР Өкмөтүнүн атынан БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррешке тынчтыкты орнотуу процессине жана өлкөдө улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө бийлиги улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана эл арасындагы биримдикти чыңдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан аракеттер көрүлүп, акыркы жылдары өлкөдө этностор арасында туруктуу абал түзүлдү. Жылдан жылга ар кайсы улуттар ортосунда үй-бүлө кургандардын саны көбөйүүдө”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Баш катчы Антониу Гутерреш ошол кездеги татаал учурда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстанда абал 2010-жылдан бери жакшы жагына өзгөргөндүгүнө өзгөчө белгиледи.

“Азыр заманбап дүйнөдө көп улуттуулук, көп маданияттуулук адам затынын жетишкендигине айланып бара жатат. Биз болсо адам заттын бул байлыгын сактап жана бекемдешибиз керек”, – деди Баш катчы Антониу Гутерреш.

Иш сапардын алкагында  Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин эки тараптуу сүйлөшүүсү болуп, кызматташтык тууралуу маселелер, келечектеги пландар жөнүндө сөз болду.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

“Этно Ош” фольклордук ансамбли Бишкекте отчеттук концертин берди

“Этно Ош” фольклордук ансамбли Бишкекте отчеттук концертин берди

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында “Этно Ош” фольклордук ансамбли ...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Июнь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу