1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 09 Май 2017

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев,  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты.

Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен  жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынан бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар  "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

Шаар мэри Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

“ Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун  72 жылдан бери Жеңиш майрамы  жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат. Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Мезгил учкан куштай өтө берет. Бирок, Улуу Ата Мекендик согуш, анын кесепеттери, Рейхстагга Жеңиш туусун сайып, Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, Ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет. Алардын баскан жолу,   түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү   өмүрү эч качан унутулбайт. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, "Келечек" балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардан, мектеп окуучуларынан, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен, активисттерден турган үч миңге жакын адамдын катышуусунда, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди эскерүү максатында, «Өлбөс өчпөс полк»- сүрөт портрети менен жөө жүрүш болду.

Ошондой эле, Токтогул атындагы сейил бакта « Аскердик талаа ашканасы» деп аталган жоокер-ардагерлер үчүн сый тамак тартууланып, ал концерттик программа менен коштолду. Жалпы шаардыктар жана коноктор үчүн борбордук аянтта спорттук мелдештер уюштурулду. Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара  ипподромдо улуттук ат оюндары менен уланат.

         Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу, 34 ооруктун  каармандары Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдап жатышат. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

 Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун каармандары!

Кадырлуу мекендештер!

 

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук     ХХ кылымдын      трагедиясы болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатышат.

Ошондон улам алгач Сиздерди, урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ооруктун каармандары, кадырлуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары Ош шаарынын мэриясынын, жалпы эле шаардыктардын   жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин.

Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 72 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы  бүгүн да көз алдыбыздан кетпей,  биз менен кошо жашап келет.

Кан майданга аттанган уулун бир көрүүгө зар болгон ата-эненин көз жашын, атасыз жетим өскөн баланын өксүгүн, бейиштеги баланын жытын искей албай, кан майданда курман болгон жоокерлердин арманын, он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе кара кийинген кыз-келиндердин кайгы-муңун эч нерсе менен салыштырууга болбойт.

Бирок, согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык. Биз бүгүн ушул чындык менен жашап, ушул чындык үчүн күрөшүп келебиз.

Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка   аттанган 14 621 мекендешибиздин,  анын ичинен баатырларча курман болгон 3 627 жердешибиздин ысымдары, алардын эрдиги менен сыймыктанбай кое албайбыз.

Тилекке каршы согуштан Жеңиш менен элине аман-эсен кайтышкан  10 979 эр азаматыбыздын көзү өтүп кетти. Бирок, Жеңиштин 72 жылдыгын биз менен кошо белгилей албай калган мекендештерибиздин ысымдары эч качан унутулбайт. Алар дайыма биз менен бирге, алардын ысымы түбөлүк тирүү, биздин катарыбызда. 

Жеңиш майрамын бүгүн Ош шаарында биз менен бирге согуштун 15 баатыры  чогуу белгилеп жатышат. Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, Жеңиш майрамы белгиленип жаткан учурда Сиздердин согуш талаасындагы эрдигиңиздерге. баатырдыгыңыздарга башыбызды ийип, таазим этебиз.

Батышта кан күйүп,  өмүр менен өлүмдүн күрөшү жүрүп жаткан учурда ооруктун каармандарынын салымы теңдешсиз экендигин кимдер билбейт. «Баардыгы фронт үчүн!», «Баардыгы Жеңиш үчүн!» деген уран менен элибиз күнү-түнү алыкпай эмгектенгенип, Жеңишти тездетүүгө өзгөчө салым кошкондугу тарыхый чындык. Бүгүн ооруктун   34  каарманы   биз менен бирге Жеңиши майрамын чогуу белгилеп олтурушат.

Мезгил учкан куштай өтө берет. Бирок, Улуу Ата Мекендик согуш, анын кесээпеттери, Рейхстагга Жеңиш туусун сайып, Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, Ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет. Алардын баскан жолу,   түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү   өмүрү эч качан унутулбайт.

Ошондон улам, урматтуу мекендештер, Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгында  Сиздерге кайрылаар элем: кан  майдандан кайтпай калган аталарыбыздын, Ооруктун каармандарынын ысымдарын ар дайым ыйык сактап, алардын басып өткөн жолуна, фронттогу эрдигине,  кажыбас кайратына татыктуу болууга чакырам.

Аталарыбыздын эстафетасын татыктуу улантуу менен алардын жолун жолдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, өлкөбүздүн келечегин ойлоп, ата мурасын ар намыстуулук менен аткаралы.

Мекенибиздн ар дайым тынчтык болсун!

Улуу Жеңиштин Туусу түбөлүккө  желбирей берсин!

Жеңиш майрамыңыздар менен!  

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

« Май 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу