1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 11 Май 2017

          Бүгүн, 11-майда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Жылдын мыкты мугалими-2017” кароо-сынагынын финалдык туру болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мугалимдер, окуучулар жана күйөрмандар катышты.

-“Салткка айланып келе жаткан кароо сынак чыгаан, чыгармачыл мугалимдердин демине дем, шыгына шык кошуп алдыга карай чоң стимулдарды жаратып келе жатат десем жанылышпайм. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой өткөн  үч жыл ичинде жылдын мыкты мугалими кароо-сынагынын  шаардык, андан кийин  республикалык баскычтарындагы  женүүчүлөрүнө зор колдоо көрсөтүп Ош шаарынын мэриясы тарабынан автоунаа  берилди. Коомчулукка белгилүү болгондой Ош шаарында  көп жылдан бери мындай зор колдоо болгон эмес”,-деди А.Кадырбаев.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени шаардагы Жетиген лицейинин 28 жаштагы химия мугалими Айжан Абдуватова утуп алды.  Ал 2011-жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет.

Шаар мэри Айтамамат Кадырбаев жеңүүчүнү куттуктап баш байге болгон  “ДЭУ Матиз 3” үлгүсүндөгү  автоунаанын ачкычын тапшырды.

Ошондой эле, “Жылдын мыкты мектеби-2017” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орунду  “Олимп” мектеп гимназиясы ээледи. Ал эми 2-орунду №50 Нышанов, 3-орунду №7 Нариманов мектеп гимназиялары багындырды. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 11-майда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында  Кыргызстандын банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардагы банк тармагында эмгектенген жетекчилер жана кызматкерлер катышты.

-“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн банк системасы дүйнөлүк кризистин тийгизген таасирлерине карабай, өзүнүн динамикалуу өнүгүшүн улантып жатат десем жаңылышпайм. Коммерциялык  банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан калкка, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүүнүн көлөмү көбөйүп жатат. 

Ошондой эле, банктар тарабынан кредиттик портфелин жана депозитин көбөйтүү, накталай эмес эсептешүү системасын киргизүү боюнча да бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Бул жетишкендиктерге жетишүү негизинен бул тармакта иштеген кызматкерлердин билимине, иш тажрыйбасына, кардарларга жасаган мамилесине жараша болот. Банк тармагында көп жылдан бери эмгектенишип, шаарыбыздын экономикалык жактан өнүгүшүнө өздөрүнүн барандуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерибиз көп”,-деди З.Аскаров.

 Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө  элге жасаган ак ниет эмгеги жана Ош шаарында банк системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн бир катар банк кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Айта кетсек, 1993-жылдын 10-майында улуттук валютабыз- сом киргизилген. Ошол күнөн тартып, 10-май Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү катары бергиленип келет.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

« Май 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу