1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 06 Апрель 2017

 Кечээ, 5-апрель Ош шаарында 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын быйылкы жылкы иш-аракеттери талкууланды.

Жыйын: Ош шаарындагы Аймактык кеңештердин жооптуу катчыларынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана филиалдарынын, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин, ошондой эле жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө  «Демилгелүү, ишкер аялдар» коомдук уюмунун башчысы А.Ормонова гендердик саясатты жүргүзүү боюнча жыйындын катышуучуларына кеңири маалымат берип, аялдардын саясаттагы жана коомдук иштердеги ордун дагы да активдештирүү зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле, аялдарга болгон зордук зомбулуктардын алдын алууда чогу иш-аракеттерди жүргүзүү керек экендигин кошумчалады.

Жыйын Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Урматтуу дене тарбия, спорт кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар жана педагогдор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымданкуттуктайм!

Бул жалпы элдик майрам. Анткени спорт улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабагандарды, сергек жашоо мүнөзүн алып жүргөндөрдү бириктирет.

Дене тарбия жана спорт адамдарга ден-соолук, күч-кубат, сулуулук, жакшы ой жүгүртүүнү берет. Адамдын эркин, мүнөзүн калыптандырып, ар бир адамдын жашоо-турмушунда болуучу оорчулуктарды жеңип чыгууга үйрөтөт.

Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп саналат. Биз мамлекеттикти бекемдөө менен дене тарбияга жана спортко көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Башкы максатыбызга - күчтүү, гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн мамлекетибизге ден-соолугу чың, күч-кубаттуу адамдар керек.

Спорттун тарыхында спортчулар өз  мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Алар  шаарыбыздын, өлкөбүздүн намысын гана коргобостон, эл арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту, спорт аркылуу элибиздин генофонун сактоо үчүн биринчи кезекте сергек жашоого жетишүүнүн, спорт-бул тынчтыктын, биримдиктин, туруктуулуктун данакери экендигин көрсөтө алышат. Ошондуктан   Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Ал үчүн биз спорт тармагына жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын жыл сайын көбөйтүп жатабыз. Өткөн жыл биздин спортчулар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Ош шаарынын спортчулары 2016-жылы өлкөнүн 28 чемпиондугуна, 39 эл аралык турнирге, 36 өлкө биринчилигине, 23 республикалык деңгээлдеги турнирге, 21 КРнын ачык кубогуна, 6 Азия чемпиондугуна, 5 Орто Азия чемпиондугуна, 4 дүйнө чемпиондугуна, 1 КРнын спартакиадасына, 3 эл аралык семинарга катышып, 96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медалга ээ болушту.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Мамлекетибиз дайыма коомчулукта дени сак жана сергек жашоо образына өзгөчө көңүл буруп келет. Анткени дене тарбия жана спорт коомдун жашоо турмушунда  ээлеген орду өтө чоң. Спорт менен машыгуу ден – соолукту чыңдайт жана бекем эрк, кайраттуулук, өжөрдүк мүнөзүн тарбиялайт.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, жигердүүлүк жана Ош шаарыбыздын, көз карандысыз Кыргызстандын даңкын алыска чыгаруу үчүн жеңишке жетүү үчүн эрктүү болууну каалайм!

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 6-апрель- Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэр Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кырычбек Саркарбаев жетектеген кызматкерлер, машыктыруучулар, спортчулар катышты.

К.Саркарбаев спорт өлкөнүн желегин чет жерде желбиретүү эле эмес, дени сак жашоого үндөп, жаман адаттардан оолак кылган тармак деп билдирди.

 -“Спортчулар шаарыбыздын намысын гана коргобостон, эл арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту, спорт аркылуу элибиздин генофонун сактоо үчүн биринчи кезекте сергек жашоого жетишүүнүн, спорт-бул тынчтыктын, биримдиктин, туруктуулуктун данакери экендигин көрсөтө алдыңыздар.  Спорттун тарыхында спортчулар өз  мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан   Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Ал үчүн биз Өлкөбүздүн Түштүк  борбору болуп саналган Ош шаарында спортту колдоого, өнүктүрүүгө жана  биздин спортчуларыбыздын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишишине  шарт түзүүбүз зарыл. Өткөн жыл биздин спортчулар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Ош шаарынын спортчулары 2016-жылы өлкөнүн 28 чемпиондугуна, 39 эл аралык турнирге, 36 өлкө биринчилигине, 23 республикалык деңгээлдеги турнирге, 21 КРнын ачык кубогуна, 6 Азия чемпиондугуна, 5 Орто Азия чемпиондугуна, 4 дүйнө чемпиондугуна, 1 КРнын спартакиадасына, 3 эл аралык семинарга катышып, 96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медалга ээ болушту. Буюрса, 2017-жылы Ордолуу Ошубуздун Туусун бийик көтөрүп,   көптөгөн спорттук ийгиликтерди жаратууга  аракет кылабыз”,-деди Кылычбек Саркарбаев.

 Иш-чаранын жүрүшүндө, 50гө жакын спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерге  Ош шаарынын  мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

  

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Апрель 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу