1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 05 Апрель 2017

 Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында санариптик теле берүүгө өтүү боюнча жыйын болуп өттү.

 Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова, вице-мэр Н.Кадыров, шаардагы бардык мекеме ишканалардын, ММКнын жетекчилери, аймактык кеңештердин төрагалары катышты.

Вице-мэр учурда, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургандарына санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы ар бир аймактык Кеңештерде жана шаардагы мекеме-ишканаларда бекитилген график боюнча жеткирилип жаткандыгын билдирип, кенен маалымат берди.

-“Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөттүн протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча Ош шаарынын 13 Аймактык Кеңештерине жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине ташырмалар берилген.

Анын алкагында, мэриянын иш-чарасы, шаардагы мекеме-ишканаларда атайын жыйындарды өткөрүү графиги бекитилип, шаар калкы арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилген. Жумушчу топтун жүргүзгөн мониторингинин негизинде, учурда Ош шаарынын аймагындагы жашоочулар сапаттуу санариптик DVB-T2 стандартындагы төмөндөгү телеберүүлөр менен толук камсыздалды.

Атап айтсак, социалдык пакет 14 ТВ программа:Ынтымак, Пирамида, Ош-ТВ, Маданият, Муз-ТВ, КТР, Баластан, 5-канал, КТРК Спорт, Ала-Тоо24, ЭлТР, Илим-Билим, 7-канал;

Жумушчу топ тарабынан 2017-жылдын 3-апрелине карата Ош шаарында жайгашкан турак жай үйлөрүнө, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге, мекеме-ишканалардын административдик имараттарына, жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга 45 000 А-4 жана 6610 А-3 форматтарындагы маалымат баракчалар таркатылды.

Учурда, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургандарына санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы ар бир аймактык Кеңештерде жана шаардагы мекеме-ишканаларда бекитилген график боюнча жеткирилип жатат.

Шаар калкы арасында профилактикалык-түшүндүрүү иштери алкагында “ОшТВ”жана “ЭлТР” теле-каналдарында түз эфир уюштурулуп, мэриянын жумушчу тобу жана Радиорелейлик станциялардын Түштүк башкармалыгынын адистери, жергиликтүү жарандардын суроолоруна жооп беришти.Шаардын борбордук аянтында, Ош соода-экономикалык колледжинде жаштар Комитети тарабынан Ош шаарынын жаштары “Санариптик телеберүүнү колдойбуз” аттуу флеш-моб уюштурду, шаардык “ЫнтымакТВ” теле-каналында санариптик телеберүүнү кантип уюштуруу жана ресиверлерди шаардын соода түйүндөрүндө сатылышы тууралуу телекөрсөтүү уюштурулду,санариптик телерадио берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан даярдалган видео роликтер“ОшТВ” теле-каналында көрсөтүлүүсү уюштурулду.

Акыркы жүргүзүлгөн мониториңге ылайык, учурда Ош шаарынын 13 аймактык Кеңештеринин аймагында үй чарбаларынын саны 76 910ду, ал эми жашап жаткан калктын саны 307 714түзөт, ресиверлердин камсыздалышы 60 758 же болбосо шаар калкы 79% санариптик DVB-T2 стандартындагы телеберүүлөр менен толук камсыздалды. Калган 21% Ош шаарына келип жашап жатышкан жаңы конуштардагы жарандар жана аз камсыз болгон аярлуу үй-бүлөлөр түзөт. Белгилеп кетүүчү нерсе, Өкмөттүн санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы Ош шаарынын мэриясы тарабынан маалыматтык коопсуздук таризде каралып, ушул жаатта шаардыктар арасында жана коомчулукта социалдык нараазычылыктын алдын алуу жана болтурбоо маселеси негизги милдет катары каралып келет”,-деди Н.Кадыров. 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтына Апрель-Элдик  революциясынын 7 жылдыгына арналган фото- сүрөт көргөзмө коюлду. Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, революциянын каармандары, мекеме ишканалардын кызматкерлери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

-“Туптуура мындан жети жыл мурда башкалабыздын «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын жаңы тарыхында чоң окуя болгон. Эркиндикти, адилеттүүлүктү, калыстыкты эңсеген элибиздин эр жүрөк жигиттери, кыздары жааган окко карабастан жалпы элдин колдоосунда эски бийликти кыйратышкан. Ал күнү 90го жакын жигиттерибиз баатырларча курман болушту, жүздөгөндөр жаракаттарды алышты. Бирок, адилетсиздикке каршы чыккан азаматтарыбыз элдик бийликти орнотту.

Ыңкылаптан кийин Кыргызстан башкаруунун эң демократиялуу жана эң татаал парламенттик-президенттик башкаруу жолуна түштү.

Күндөлүк иштерде дайыма пайда боло берчү кайчы пикирлерди мурдагыдай коркутуп-үркүтүп, кысым, басым көрсөтүү аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр, макулдашуулар, компромисстер жана консенсустар аркылуу чече баштадык.

Апрель окуясынан бери арадан жети  жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Курман болгондордун ысымдары азаттыкты сүйгөн кыргыз эли барда эч качан унутулбайт, тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып калат, кийинки муундардын жүрөктөрүндө да түбөлүккө жашай берет. Баатырлардын эрдигине түбөлүк даңк, курман болгондорго түбөлүк таазим”,-деди З.Аскаров.

 

Борбордук аянтта 20 лайтбокс орнотулуп, анда Апрель-Элдик  революциясын чагылдырган 100дөн ашуун фото-сүрөттөр коюлду.  Көргөзмө жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Апрель 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу