1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 14 Апрель 2017

Бүгүн, 14-апрель Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы бир топ социалдык курулуштарда жүрүп жаткан иштерди көрүп кайтты. Анда FIFAнын каржылоосу менен өткөн жылы курулуш иштери башталган футбол академиясын көрдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жай мезгилинде академиянын курулушу аяктап, шаардыктарга тапшырыла тургандыгын билдирди.

“ Футбол академиясынын курулушу аяктап жатат. Учурда 80% бүттү. Келечекте Кыргызстандан мыкты футболчулар чыгат деген ишеним чоң,”- деди А. Кадырбаев

Футбол Академиясына мэрия тарабынан 4,0 га жер аянты бөлүнүп, FIFAнын каржылоосу менен курулуш иштери жүрүп жатат.

ФФКРдин өкүлү Тимур Абдыллаевдин айтымында академияда баардык стандарттарга жооп берген төрт кичине жана эки чоң футболдук аянт бар. Футболдук академияда 60тан ашуун футболчуну тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Учурда эки кичине футбол аянтчасы толугу менен бүтүп, администрация  имаратынын айрым жерлери калган. Академия үстүбүздөгү жылдын жай айларында колдонууга берилет.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында мэрия тарабынан алынган атайын 8 техникалар  шаардык жолдор башкармалыгына берилди. Техникалардын ачкычтарын шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

 А.Кадырбаев 2016-жылдын иш-планы боюнча Жолдор башкармалыгына Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8 (сегиз) атайын  техникалар сатып алынган. Техникалар Россия, Корея, Япония, Швеция, Германиядан чыгарылган машиналар экенин билдирди.

Алар :

1- жолдордун чуңкурларын жамоочу (спец.машина для ямочного ремонта) КДМ-316 (Камаз 65115);

1- жол таптоочу каток (грунтовой виброкаток) ДУ 84;

1- жүк көтөрүүчү кран (автокран-манипулятор) ISUZU-NQR-75R;

1- жүк ташуучу камаз (камаз самосвал) 6520-6014-29;

1- жер казуучу жана жүк жүктөөчү (экскаватор-погрузчик) VOLVO-BL61B;

1- Хундай Портер – DoubleCab; автоунаасы

1- битум эритүүчү (битумоварка) – БД 1,5 (на дизельном топливе);

1- асфальт кескич (асфальторезка) - BFS 1350 A. 

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов жогорудагы айтылган техникаларды иштетүү үчүн тиешелүү адистер жумушка алынып, аталган техникаларды иштетүүгө даярдоо жана тиешелүү материалдарды сатып алууга жумуштар жүрүп жатканын айтты.

-“ Жолдор башкармалыгынын 2017-жылдын иш-планы боюнча Ош шаарынын жолдорун учурдагы тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерин өз күчү менен аткаруусу пландаштырылган. Тактап айтканда:

Жолдордогу чуңкурларды жамоо иштерине жыл сайын 15-17 млн. сом каралса, жолдор башкармалыгынын өз күчү менен аткарыла турган болсо 10-12 млн. сом сарпталышы күтүлүүдө.  Жолдорду шагылдоо иштерине жылына 5 млн сом каралса, жолдор башкармалыгынын өз күчү менен аткарылатурган болсо 3 млн. сом сарпталат.

Жолдордун элементерин оңдоо, краскалоо, калыбына келтирүү, учурдагы тейлөө иштерине жыл сайын 10 млн сом каралса, жолдор башкармалыгынын күчү менен аткарылса 6 млн. сом сарпталышы күтүлөт. Мындан үнөмдөлгөн акча каражаттын суммасы 4 млн сом болууда.

Жогорудагылардын негизинде Ош шаарынын жолдорун учурдагы тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерин жолдор башкармалыгы өз күчү менен аткарса, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан 25-30% үнөмдөө күтүлүүдө”,-деди А.Жунусов.

 

 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Жарыяланган категория Фоторепортаждар

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы курулуш объекттерин текшерди. Достук аймактык кеңешинин Сант-Петербург көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн аяктап жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Шаар башчысы аталган аймакта  көпүрө менен катар канализация маселеси да чечилгендигин билдирип, курулуш иштерине шаардык кеңештин депутаты Сухбатила Мирзаевдын да демилгеси эске алынганын белгиледи.

“Көпүрөнүн узуну 12 метр, туурасы тратуары менен бирге эсептегенде 12 метр. Сметалык баасы 8 млн.сом болсо, тендердик баасы 5,4 млн.сомду түздү. Аталган көчөдөгү мурунку көпүрөнүн эскилиги жетип, көп жылдан бери авариялык абалда деген корутунду менен турган.  Аны толук түрдө жаңыладык”, -деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар башчысы А.Кадырбаев борбордук канализация да аталган көчөгө улангандыгын айтты. Тургундар көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселени чечип бергендигине кубанып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Оштогу Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрө ушул жылдын июль айында шаардыктарга тапшырылат. Бүгүн, 14-апрель шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев бир катар курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

“Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген бул көпүрө үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинде тургузулуп жатат. Узундугу 45 метр болгон көпүрөнүн тендердик баасы 21,2 млн.сомду түздү. Унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр. Үчүнчү көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт. Ош шаары үчүн эле эмес, бүткүл кыргыз эли үчүн кызмат кылган, достуктун, ынтымактын көпүрөсү болсун”,- деди А.Кадырбаев.

Мындан тышкары, Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,5 км вело жол жана жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жол курулууда.

Ошондой эле, үчүнчү көпүрөнүн жанына, Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасы (подиум) курулуп, түрдүү маданий иш-чаралар өтөт.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 14-апрель калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев курулуш иштери менен таанышып жатып, Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан бокс жана оор атлетика спорт мектебинин жатаканасы менен ашканасынын курулушун текшерди.

Куруучуларга шаар башчысы сапаты жагына көңүл бурууну тапшырып, жатакананын алдындагы бурсчаткалардын туура эмес коюлгандыгын айтып, сынга алды. Аларга бир айлык мөөнөт менен алмаштырууга тапшырма берди.

Спорт интернаты ашканасы менен биригип жалпы аянты 2021 метр квадратты түзүп, тендердик суммасы   18 млн 900 миң сом.  Жатаканада  50 орунга ылайыкташтырылган, жуунуучу жайлары дааратканалары менен камтылган.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

« Апрель 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу