1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 01 Декабрь 2017

Бүгүн, 1-декабрь күнү Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын жетекчилери социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып кабар алышты. Шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров менен вице-мэр Нурбек Кадыров, шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаевдин атынан бир нече мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам жана азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Ошондой эле, мэриянын жетекчилери “Боорукердик” үй интернатындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы менен таанышып,  материалдык жардам, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды беришти.

-“Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бүгүнкүдөй даталуу күндөрдө гана көңүл бурулбастан биз аларга колдон келишинче такай жардам көрсөтүп, ыңгайлуу шарт түзүп бергенге аракеттенишибиз керек. Майып деп аталып, бирок көөдөнү, көкүрөгү жаркын туугандар, Кудайым сиздерге терең сабырыңыздар үчүн баардык жакшылыгын берсин”,-деди З.Аскаров.

Муну менен катар жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Көзү азиздер  жана дүлөйлөр коомунун” түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгына 300 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, шаардын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругуна ылайык Ош шаарында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Биз биргебиз” аттуу бир айлык жарыяланган. Жарыяланган бир айлыктын негизинде,материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү колдоо көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Ош шаарынын аймагында жайгашкан  ар бир мекеме-уюм, ишкана жана билим берүү мекемелери социалдык мекемелерге жана аларда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  материалдык жардам берилет.

Ошондой эле, ДМЧ жарандарга кресло-коляскаларды тапшыруу, материалдык жардам көрсөтүү, кайрымдуулук тамак-аш, чарбалык жактан тейлөө жана үйлөрүнө барып медициналык кароолор уюштурулууда. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында бир ай бою мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укутары жана кепилдиктери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында “ачык эшиктер” акциясы өтөт. 

 Ош шаарында жалпы 6818 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелүү адам каттоодо турат.  

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бул туурасында бүгүн, 1-декабрь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаровдун катышуусунда өткөн, турак-жайларды камсыздандыруу боюнча жыйында маалым болду. Ага аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жогорку жана орто окуу жайларынын кызматкерлери катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарында жайгашкан мекеме- ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин жалпы саны 14 495  кызматкерди түзсө, алардын ичинен 2017-жылдын 1-декабрына карата турак жайларын камсыздандыруу полистерин алгандардын  саны 7537 кызматкер экендигин белгилеп өттү.

“Маалымат катары белгилей кетсем Ош шаарында бүгүнкү күндө болжол менен 57 миң турак жайлар бар болсо, анын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаарынын филиалы тарабынан ушул жылдын октябрь айына берген маалыматына ылайык жалпы 3591 турак жайлары камсыздандыруу полисин алгандыгы, б.а.  6,0  пайызды гана түзөөрү аныкталган. Андыктан аймактык кеңештин төрагалары шаардыктарга түшүндүрүү иштерин күчөтүп, мекеме ишканалардын жетекчилери да өз кызматкерлерине маалымат жеткиргиле”,- деди З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө каттуу талаптар коюлуп, турак жайларды камсыздандыруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-алып баруу тапшырмалары берилди.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 1-декабрь күнү Ош шаарында Ички Иштер министрлигинин коомдук кеңешмесинин жыйыны өтүп, коомдук кабылдаманын ишин жакшыртуу багытында сүйлөшүүлөр болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева, шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ИИМдин коомдук кенешинин төрагасы Толкунбек Исаков, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ИИМдин жети областагы башкармалыктарынын өкүлдөрү, аймактык кенештердин төрагалары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты. 

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көчмө жыйынга ийгилик каалап, эл муктаждыгына көчмө коомдук кабылдамалар чоң жардамын тийгизип жаткандыгын белгилеп өттү.

“Бул иш аракеттердин баары эл коопсуздугун сактоого, алардын милиция менен тыгыз иштеп коомдук тартипти көзөмөл кылууда коомдук кабылдамалар жигердүү салымын кошуп жатат. Учурда Ош шаарында коомдук кабылдам  4 унаа менен камсыздалып иш жүргүзүп келет”,- деди А.Кадырбаев.

Көчмө жыйында коомдук тартип, коомдук кеңешменин ишмердүүлүгүн илгерилетүү боюнча сөздр ортого салынды. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Декабрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу