1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 01 Ноябрь 2017

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 93 жылдыгы белгиленип, Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын айрым кызматкерлери жана ардагерлери сыйланды. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын башчысы Кылычбек Жолдошев, Ош шаарынын прокурору Айгүл Момбекова жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилер келип катышып, куттуктоо сөздөрүн  айтышты.

Алгач шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп,  жалпы милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясы да колдоого даяр экендигин кошумчалады.

“Кыргыз милициясы өзүнүн 93 жылдык тарыхында чоң сыноолорду башынан өткөрүп, мезгил шары менен кошо кадам таштап, өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Ош шаарынын мэриясы ички иштер башкармалыгын колдоого дайым даяр. Учурда 26 милиционер жеңилдетилген тартип менен ипотекалык негизде батир алды. Мындан тышкары 2014-жылы 1млн.700 миң сом каражат, 2 автобус бөлүнүп, 2015-жылы 696 миң сом тапшырылган. Ал эми өткөн жылы башкармалыктын оңдоп-түзөө иштерине 5,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Албетте бул жетишси, бирок колдоо, жардам берүү мындан ары да туруктуу улантылат”, - деди А.Кадырбаев.

Аземдин жүрүшүндө элге кылган кызматы, күжүрмөндүгү менен айрымаланган алдынкы милиция кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, ички иштер башкармалыгын, прокуратуранын ардак грамоталары, баалуу белектери жана акчалай сыйлыкттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милиция кызматкерлери өз ишмердигин баштаган. Ошол мезгилден берки 93 жыл ичинде кыргыз милициясы мамлекеттик структуранын эң ишенимдүү түзүмү болуп калды.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Урматтуу Ички иштер кызматынын өздүк курамы!

Кадырлуу ардагерлер!

Жыл сайын Кыргыз милициясынын өздүк курамы, милициянын ардагерлери, жалпы эле кыргызстандыктар Кыргыз милициясынын Күнүн салтанаттуу белгилеп келебиз.

Ошондуктан, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамын, өмүрүн элибиздин коопсуздугун камсыз кылууга арнап, милициянын бийик атын ар намыстуулук менен алып жүргөн ардактуу эс алуудагы милициянын ардагерлерин, жалпы эле Ички иштер органы менен карым-катнашта иштеп, өлкөбүздүн коопсуздугуна өз салымын кошуп келе жатышкан мекендештерибизди Кыргыз милициясынын Күнү менен Ош шаарынын мэриясынын, шаардыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Кыргыз милициясынын тарыхына кайрылсак 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милиция кызматкерлери өз ишмердигин баштаган. Ошол мезгилден берки 93 жыл ичинде кыргыз милициясы мамлекеттик структуранын эң ишенимдүү түзүмү катары тарыхый  жолду басып өткөндүгүнө тарых күбө.

Учурда Кыргыз милициясы коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү, биз ишенген, таянган мамлекеттик орган катары белгилүү.

Кыргыз милициясы өзүнүн 93 жылдык тарыхында чоң сыноолорду башынан өткөрүп, мезгил шары менен кошо кадам таштап, өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Азыркы учурда биз милиция кызматкерлерисиз Өлкөбүздүн тынчтыгын, элибиздин бейпилдигин, мамлекетибиздин коопсуздугун элестете албайбыз. Өз кезегинде милиция кызматкерлери  жарандарыбыздын коопсуздугун жана коомдук укуктартипти көздүн карегиндей сактоого, кылмыштуулукка бөгөт коюуга өзүнүн татыктуу салымын кошуп, кыргыз милициясынын аброюн жогорулатуу менен калкыбыздын урмат-сыйына ээ болуп келе жаткандыгын өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетээр элем.

Кыргыз милициясынын катарында, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын күжүрмөндүгү, чечкиндүүлүгү, өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгилеп кетким келет. Анын ачык мисалы катары акыркы беш жылдан бери Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы Республикадагы эң мыкты ички иштер органы катары таанылып келе жаткандыгын алууга болот. Кызматтагы жакшы жетишкендиктер, ийгиликтер мамлекет тарабынан колдоого алынышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги талашсыз. Ош шаарынын мэриясы да шаардын Ички иштер башкармалыгынын мындай ийгиликтерин, күжүрмөндүүлүгүн колдоп келет. Айта кетсем, 26 милиционерге жеңилдетилген тартип менен ипотекалык негизде батир берилди.

2014-жылы  жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ички иштер башкармалыгынын муктаждыгы үчүн 1 млн. 700 миң сом акча каражаты, 2 автобус бөлүнүп берилсе, 2015-жылда башкармалыктын имаратын оңдоп-түзөө иштерине 596 миң, күйүүчү-майлоочу майга 100 миң, жалпысынан 696 миң сомдук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми, 2016-жылы башкармалыктын имаратын оңдоого 5,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлдү.  Албетте, бул жетишсиз десем да болот. Сиздердин кызматтын өзгөчөлүгү, муктаждык мындан да көбүрөөк жардамды талап кылат. Ош шаарынын мэриясы бул багыттагы ишмердигин мындан ары да уланта бермекчи.

Урматтуу Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы!

 Жалпыңыздарды сиздер жетишкен ийгиликтер менен катар Кыргыз милициясынын атына жараша заты бар, туруктуу, күжүрмөн орган катары мындан ары да Мекен үчүн, эл үчүн татыктуу кызмат өтөй берүүгө чакырам.

Дагы бир жолу сиздерди Кыргыз милициясынын  Күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас кайрат, шаарыбыздын бейпилдигин, коомдук тартипти камсыз кылууда ийгиликтерди каалайм.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Ноябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу