1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 05 Октябрь 2017

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилди. Кароосуз калган эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп, шаардыктардын эң кооз жайына айланган жердин ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, бир нече чет өлкөнүн шаарларына келген делегациялар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99% үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн белгилеп, жеке менчикке өтүп кеткен парктар да кайтарып алынгандыгын айтып өттү.

“И.Раззаков атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аймактын тургундары менен жолугушуу өтүп, дал ушул эс алуу жайын оңдоп берүү сунушун киргизишкен. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке өткөрүү иштери жүрүп, реконструкцияны баштаганбыз. Мына жашылдардыруу комбинатынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги менен эс алуу жайы Ош шаарындагы эң кооз жайлардын бири болуп, Ош шаарынын 3017-жылдыгы өтүп жаткан күнү шаардыктарга тапшырылды. Даталуу күнү ачылып жаткан эс алуу жайы тургундарга ар дайым жагымдуу маанай тартууласын. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн. сомду түзүп, тендердик баасы  8 млн. 421 миң болду”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар мэри шаардыктарды эс алуу жайды жашылдардырып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин эмгегин баалап, тазалыкты сактоого чакырды. Салтанаттуу иш-чара куттуктоо сөздөр менен уланып, конокторго жана шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын жалпы аянты 21998 чарчы метр, оңдоп түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган. Курулуш иштери “Агым Прогресс”, “Мега ремонт”, “Ак-Ордо курулуш” ЖЧКлары тарабынан жүргүзүлдү.

Айта кетсек, акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп шаардыктиарга тапшырылган. Алар “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, “Космонавттар”, “Семетей” жана башка эс алуу жайлары.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары!

Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы.

Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип, шаардын чок ортосунда ыйык «Сулайман Тоосу» орун алган, шаарды аралап керемет «Ак-Буура» дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы.

Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ар бир элдин, мамлекеттин кастарлап, дайыма чыдамсыздык менен күткөн майрамы болот. Бул майрамды ар бир адам өзүнүн артта калган бир жылдагы өмүрүнө кайрылып, жакшылыгына кубана, кемчилигине өкүнүп, кийинки майрамга чейин аларды кайталабоого аракеттенет. Бул адам баласынын табиятына мүнөздүү кадимки көрүнүш.

Анын сыңарындай Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат.

Жакшыны жакшы деп айтуу жан сергитээринен улам шаардын жетишкендиктери туурасында бүгүнкү майрам күнү учкай айтып кетүү ашыктык кылбайт.

Реалдуу сектордун өнүгүшү улам барган сайын туруктуу мүнөзгө ээ болууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи акыркы үч жылда 31 пайызга өстү.

Күн санап шаарыбыздын инфраструктурасы жаңырып, курулуш индустриясынын жалпы көлөмү 2011-жылдагы 2 млрд. 973 млн. сомдон 2017-жылда 4 млрд. 928,0 млн. сомго чейин жетип, 65,7 пайызга өстү.

Акыркы үч жарым жылда жалпысынан 700 орундуу жети бала бакча, 740 орундуу эки орто мектеп, бокс интернаты, 3 ФАП, 1 ФОК пайдаланууга берилди.

Учурда 2580 орундуу жети мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 775 орундуу эки мектептин курулушу ушул жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 150 орундуу заман талабына ылайык оорукана курулууда.

Ошондой эле FIFAнын каржылоосу менен футбол академиясынын курулушу аяктап калды. Ушул эле мезгилде тышкы инвестициянын көлөмү 14,0 млрд. сомго жетти.

Дал ушунун өзүн шаардыктардын эмгекчилдигинин, мээнеткечтигинин, элибиздин нарк-насилин, улуттук ар-намысын бийик сактап, келечекке ишенимдүү кадам таштагандыгынын ачык-айкын көрүнүшү деп айтууга негиз бар.

Сиздердин, урматтуу шаардыктар, мына ушундай бийик сапаттарыңыздар, өнүгүүнүн туура жолун тандап алган көрөгөчтүгүңүздөр жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазылыгыбызды билдиребиз.Буюрса, биз тандап алган багыт жакынкы келечекте экономикасы өнүккөн, элинин маданияты, нарк-насили бийик, Орто Азия чөлкөмүндөгү адам суктанган шаарга алып бара турган жол экендигинен күмөн саноого болбойт.

Буюрса, элибиз аман турганда биз ушул максаттарыбызга жетебиз.

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун.

Майрамыңыздар менен!

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта  «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси жана форуму өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, достук мамледеги шаарлардан келген делегациялар, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин Кыргызстандагы консулдугун өкүлдөрү, фермерлер, жеке ишкерлер жана башка уюмдар катышууда.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев дыйканчылыкты жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө дал ушундай жарманкелердин жардамы чоң экендигин белгилеп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Жарманкенин максаты – бул биринчи фермерлерди бүткүл дүйнөдө колдонулган  заманбап техниканын жаңы түрлөрү менен тааныштыруу, жабдып туруучулар менен маалымат менен бөлүшүү, жаңы кызматтар, анын ичинде техниканын лизинги ж.б.  жөнүндө билүү болуп саналат.

 Бул иш-чара Ош шаарынын мэриясынын менен  “Айыл Банк” ААК тарабынан уюштурулууда.

Борбордук аянтта эки багытта жарманке жүрүүдө. Ош шаарынын жана райондордон келген  дыйкандар мөмө жемиш, жер жемиштерин алып келип бир багыт дыйканчылыкка, экинчиси айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, компаниялардын экспозициялары көрсөтүлүүдө:

-  “Автомаш-Радиатор” ЖЧК;

-  “Трактор” ЖЧК;

-   “Агротурк” ЖЧК;

-   “Евразия Групп” ЖЧК;

-   “Агросервис” ЖЧК;

-   “YTO International” ЖЧК;

-   “Аталык Групп” ЖАК;

-    “Delaval» ЖЧШ;

-   «Колакс» компаниясы;

 Бул ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчү-компаниялар, айыл чарба техникасынын, күнөсканалардын жана көчөттөрдүн жабдып туруучулары.

 

Форумдун алкагында фермерлерге жана ишкерлерге тегерек стол өткөрүлүп, насыя жана лизинг алуу, “Азра-Фрукты” ЖЧКнын алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, “Жашыл чарба” ЖЧКнын күнөсканалары, Колакс компаниясынын продукциясы  жана “Delaval» ЖЧШнын саан аппараттарынын ар кандай моделдери презентациялры болуп өттү.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө.

Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок, белгилүү ырчы, бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, легендарлуу парламенттин депутаттары, бир нече чет өлкөлүк шаарлардын расмий делегациялары, шаар тургундары жана меймандары катышты.

А.Кадырбаев Ош шаарынын жетишкендиктерин баса белгилеп, жалпы элди шаардын  3017 жылдык майрамы менен куттуктады.

-“Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон  ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы. Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип,  шаардын чок ортосунда ыйык «Сулайман Тоосу» орун алган, шаарды аралап керемет    «Ак-Буура» дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы. Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары  сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат”,-деди шаар мэри.

Ошондой эле, майрамдын алкагында Ош шаарында кызмат көрсөтүп жаткан бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, кесип ээлери майрамдык параддан өтүштү.

Айта кетсек, шаар күнүндө  “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү, “Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
И.Раззаков атындагы  эс алуу багынын ачылышы болуп, майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт.

Майрам кечкисин, борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада  ырчы, бийчилердин жана фольклордук топтордун катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталат.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор келип катышты.

Айтышка жети облустун алп акындары катышып,  Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым каарыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акын элдин элчиси экендигин айтып, бул өнөр кылымдар бою көчмөн элдерде жашап келгендигин белгиледи.

“Акын-чындыкты ыр саптары аркылуу төгүп бетке айткан, жамандык-жакшылыкты, сулуулукту даңазалаган адам. Тилинде накыл сөзү менен элди ынтымакка чакырып, жакшы маанай тартуулаган адам. Бул талант туубаса боло тургандыгын жакшы билебиз. Сөзгө чечен, кепке бай адам гана акын боло алат. Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган «Ак таңдай -2017» айтышына келип катышып, шаардыктарга жана конокторго төгө ырдап бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, -деди А. Кадырбаев.

Белгилей кетсек, республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышына кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Шамырбек Тургунбаев, төкмө акын Калык Сатымкулов, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов, КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев, “Ак таңдай” акындар ордосунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков катышты.

Айтыш соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарды  тапшырды. Мындан тышкары, акындардын арасынан элдин добушу менен жеңип чыккан эки акынга 15 миң сомдон дагы кошумча акчалай сыйлык тапшырды. Алар Кара-Кулжа районунун акыны, маданияттын мыктысы Жыпара Арзымаматова жанан КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев болду.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралар калктын аялуу катмарына арналган “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды. 

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган иш-чарага алтымыштан ашуун  мумкунчулугу чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жеткинчектерге бактылуу балалык, кең келечек каалап,  Ош шаарынын күнүнө карата баалуу белектерди, таттууларды  тапшырды.

Белгилей кетсек, “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясынын алкагында балдарга кечке чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган оюн-зоок программалар тартууланат. Айта кетсек, “Нур” кинотаетрында мультфильм, зоо-парктагы жаныбарларды көрүү, түшкү тамактануу, ошондой эле, жабык эс алуу жайда оюн-зоок уюштурулган.

Ош шаарынын күнүнө арналган “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу майрамдык маданий-массалык иш-чаралардын алкагында  “Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш, орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу орун алды. Жеңүүчлөргө акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.  

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 3-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Анын негизинде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров шаардагы коомдук-саясий абалды, маданий-массалык иш-чараларды, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдыруудагы эмгеги үчүн  Ош шаарынын күнүнө карата КТРК, Эл ТР МРТК, “Ош ТВ”, “Ош Пирим”, “Ынтымак” ТРКнын, “Азаттык” радиосунун, АКИpress маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн, “Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун”, “Ош Шамы” гезитинин жамаатарына Ош шаарынын мэриясынын Алкыш баракчалары тапшырылды.

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 3-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Ага биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, шаарда эмгектенген ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү катышты.  

З.Аскаров мамлектибиздин анын ичинде Ош шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан кызматкерлердин эмгектерин баса белгилеп, мындан ары да талыкпаган эмгек менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Ошондой эле, биринчи вице-мэр шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин  атынан катышуучуларды Ош шаарынын 3017 жылдыгы менен куттуктап атайын сыйлыктарды тапшырды. 

Анын негизинде, Ош шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги, шаардын коомдук –саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн Ош шаарынын күнүнө карата Ардак грамоталар менен 30дан ашуун ар кандай тармакта эмгектенген кызматкерлер сыйланды.

Мындан сыркары, шаардагы коомдук-саясий абалды, маданий-массалык иш-чараларды, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдыруудагы эмгеги үчүн  Ош шаарынын күнүнө карата 10дон ашуун массалык маалымат каражаттарынын жамаатарына Ош шаарынын мэриясынын Алкыш баракчалары тапшырылды.

Ошондой эле, Ош шаарынын күнүнө карата бир нече кызматкерлерге КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталары, Өкмөт башчынын кол сааты, “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” жана “ КРнын муниципалдык кызматтын мыктыгы” төш белгилери тапшырылды.

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Быйыл Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын майрамдайт.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 3-октябрь күнү Ош шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер келип катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек  Аскаров мугалим дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесип экендигин белгилеп, коомду тарбиялоодо эмгеги эбегейсиз деп баса белгиледи.

“Мугалим өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундардын дүйнө таанымынын негиздерин түзүп, аларга акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп келишет. Ар-бир мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү жекече олуттуу салымы сый-урматты пайда кылаары талашсыз. Ошондуктан, өлкөбүздүн урматтуу педагогдоруна чын жүрөгүмдөн алкыш айтып, урматтоомду билдирем. Ош шаарынын мэриясы мугалимдерди колдоо иретинде үч жылдан бери коммуналдык төлөмдөр үчүн акча каражатын бөлүп келет. Ал эми шарттарды түзүү багыты да колдоого алаарлык. Акыркы үч жыл аралыгында эки мектеп, алты бала бакча курулуп, колдонууга берилди. Жакынкы күндөрү дагы жаңы билим берүү уяларынын курулуш иштерин тапшыруу алдында турабыз”, - деди З.Аскаров.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектептердин бир нече мугалимдери  Жогорку Кеңештин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары жана КРнын Өкмөтүнүн төш белгиси менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи концерттик программа менен уланып, мугалидерге майрамдык маанай тартууланды. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Октябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу