Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш -чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусунда өттү
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 31 Август 2021 08:50

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш -чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусунда өттү

Бүгүн, 31 -августта Ош шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык концерт, улуу инсандардын тарых-таржымалы камтылган театралдаштырылган оюн-зоок шаар тургундарына жана келген конокторго тартууланды.

Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, достук мамиледеги шаарларлан келген делегаттар, түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаш лидерлер, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө 31-август кыргызстандыктар үчүн негизги майрам экендигин белгилеп, КРнын Президенти Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин эмгек жамаатынын атынан шаар тургундарын жана меймандарын куттуктады.
«Эгемендүүлүктү алуу жана бекемдөө жолунда өлкөбүз көп нерсени баштан өткөрдү. Жыйынтыкка жетиш үчүн өзүнүн күжүрмөн эмгегин, тажрыйбасын, билимин жумшаган аталарга, бабаларга, легендарлуу парламенттин депутаттарына, саясий курч көз караштагы коомдук ишмерлерибизге таазим. Мамлекеттин келечеги коркунучта турган убакта, биздин эркиндикти сүйгөн элибиз биримдиктин жана чыдамкайлыктын аркасында саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Жыйынтыгында эркиндикке жетип, көз карандысыз мамлекет болуп калдык. Тынчтыктын жана ынтымактын желеги желбиреп, мекенибизде өнүгүү болсун. Биримдите бийиктиктерге жетип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу»,-деди У. Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы бүгүнкү күндө өлкө чыныгы демократия жана стабилдүү социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда экенин, анын аркасында көптөгөн оң өзгөрүүлөргө бар экендигин кошумчалады.
Ал эми Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өлкөнүн эмегендүүлүгүн бекемдеп, жарандардын жакшы жашоосу үчүн биргеликте аракет көрөлү деп айтып, эркин өлкөдө, тынчтыктын желеги түбөлүк желбиреп, ар бир үйдө ынтымак жана достук болсун деген тилегин билдирди.
Борбордук аянттагы салтанат кыргыз эл артистери Саламат Садыкова, Керим Турапов, эстрада жылдыздары Гулнур Сатылганова, Арсен, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева? Темир Назаровдун катышуусунда концерт тартууланды. С.Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын артистеринин катышуусунда Кубат бий менен Ажы бийдин диалогу, кыргыз Каганатынын түптөлүшүндөгү Бакай атанын образы, Алымбек Датка, Курманжан Датканын театралдык көрүнүшү, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган көрүнүш, Касым Тыныстановдун жана Исках Раззаковдун өмүр жолу боюнча театралдык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле, маданият башкармалыгы, шаардагы чыгармачыл коллективдер, бий топторунун коштоосунда өттү.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерт кечки саат 19:00до башталат. Майрамдык иш-чара фейрверк менен жыйынтыкталат.
Окулду 4485 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });