Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат.
Майрамдын негизинде шаардын борбордук аянтында КРнын “Салбуурун” Федерациясынын спортчулары улуттук-элдик оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү.
Анда спортчулар кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан салттуу салбуурундун "Бүркүт салуу", "Тайган жарыш", "Жаа атуу", “Далба ойнотуу” түрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле, А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси, таанымал гимнаст Аида Акматова өз өнөрүн тургундарга жана шаардын меймандарына тартуулады.