Версия для печати
Суббота, 05 Октябрь 2019 16:35

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянтында “Гүл фестивалы” жарманкеси, “Боорсок фестивалы” , “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу архитекторлордун курулуш көргөзмөсү жана “Күз берекеси” айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардагы дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, шаардын тургундары жана меймандары күбө болушту.

Ошондой эле, КРнын “Салбуурун” Федерациясынын спортчулары улуттук-элдик оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү. Мындан сырткары, борбордук аянтта шаардын маданият башкармалыгынын, жогорку окуу жайлардын, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун, Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жана шаардагы улуттук диаспоралардын чыгармачыл топтору концерттик программа тартуулашууда.

Шаар күнүнө карата Т. Кулатов кичи шаарчасына “Ак Ниет” сейил багы курулуп, пайдаланууга берилет.

Айта кетсек, майрамдын экинчи бөлүгү кечинде А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо гала концерт менен коштолот. Ага Кыргызстандын, Өзбекистандын белгилүү эстрада жылдыздары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат. 

Окулду 1937 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо