Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орунду багындырды.
Ош шаары "Мыкты даярдыгы" үчүн диплом жана 50 миң сом менен сыйланып, сыйлыкты вице-премьер-министр А. Өмүрбекова тапшырды. Ош шаарына ыйгарылган номинациялар:
"Көчмөндөрдүн улуттук тамак аштары"номинациясында 1-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Салттуу кийим кечелер"номинациясы боюнча 1-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Театрлаштырылган каада-салттар көрсөтүү" номинациясында 2-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Улуттук ыр-бий"номинациясы боюнча 2-орун (15 миң сом жана диплом).