Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов паркы толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.
Майрамдык салтанат аталган паркта белгиленип, салтанатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын бир канча депутаттары жана шаар тургундары катышууда.
Калаа башчысы Т. Сарыбашов мэрия шаардыктарга шарт түзүү максатында эс алуучу жайларды оңдоону, жаңыдан курууну колго алганын билдирди.
“Эгемендүүлүк майрамында Токтогул паркын ачып жатабыз. Токтогул паркынын түзүлгөндүгүнө быйыл 100 жыл болду. Союз убагынан бери каралбай калган паркты толугу менен оңдоп, эс алуучуларга шарт түздүк. Шаардыктарга шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакында Кулатов кичи районунда да чоң аллеяны пайдаланууга беребиз”,-деди мэр.
Токтогул Сатылганов атындагы парктын аянты 9 гектарды түзөт. Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жеке ишкерлер да колдоо көрсөткөн. Паркка 40тан ашуун камера ОБСЕ тарабынан коюлуп, коопсуздук жагы каралган.
Оргумага кыргыз аялдын элеси айкели тургузулуп, таш менен Улуу Жибек жолунун көрүнүшү чагылдырылган.
Түнкү жарыктандыруу иштери аткарылып, ирригациялык лотоктор жаңыланган. Балдар үчүн жайкы сахна курулуп, ишкерлер тарабынан отургучтар орнотулуп берилди.