Версия для печати
Среда, 09 Май 2018 08:30

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башталып, ага согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган бийлик өкүлдөрү жана шаардыктардын катышуусунда өттү.

Катышуучулар кандуу жылдары өз өмүрүн, жаштыгын арнап, тынчтык жашоону тартуулаган аталар, энелер түбөлүк тирүү жана жүрөктүн түпкүнүрүндө жашай тургандыгын айтып, аларга таазим кылуу азыркы заманда жашап жаткан ар бир атуулдун милдети экендигин белгилешти.

"Өлбөс-өчпөс полк" жүрүшү Ленин көчөсүндө жайгашкан “Келечек” балдар чыгармачылык борборунан тарта, борбордук аянт аркылуу өчбөс отко чейин уланып, 5 миңге чукул адам катышты.

Белгилей кетсек, "Өлбөс-өчпөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн.  

Окулду 9063 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо