Версия для печати
Четверг, 26 Апрель 2018 11:31

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан курман болгондор, жабыр тарткандар эскерилди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулунун өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Атомдук станция жарылган соң ликвидацииялоого жалпысынан 114 адам Ош шаарынан барган. Азыркы тапта алардын 37 гана калды.

Вице-мэр Шакир Зулимов Ош шаарынын мэриясынын жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан апаатта каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрү жана катышуучулар мэрия тарабынан колдоого алына береерин белгиледи. Ошондой эле, алардын кылган эрдигин эч качан унутбай тургандыгын кошумчалап, кайтып келгендерге бекем ден соолук каалады.

Эскерүү  кечесинин алкагында,  шаардык мэрия тарабынан Чернобыль апаатынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берилди.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан. 

Окулду 7231 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо