Версия для печати
Пятница, 08 Декабрь 2017 11:58

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип,  телевидения жаатында эмгектенген айрым кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын атынан сыйланды. Ага Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Алмазбек  Осмонов катышып, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктады.

Аппарат жетекчиси А.Осмонов журналисттер- уникалдуу кесиптин ээси экендигин айтып, эмгек менен ар бири бардык окуялар тууралуу маалымат алып, коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгын кошумчалады.

“Сиздердин тармак коомдук пикирди түзүүнүн ийкемдүү куралы, анын руханий жана интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү катары жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп  калды. Телекөрсөтүү жана радио коомчулуктун түрдүү катмарын биримдике чакырып , жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ. Шаарыбыздагы  тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңиздерге жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерге көз каранды экендиги шексиз. Демек, шаарыбыздын жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда”,- деди А.Осмонов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар журналисттерге, операторлорго Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү көрсөтүлгөн.

Окулду 16103 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо