Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 26 Май 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 26 Май 2022
26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары аяктады.
Машыгууларды даярдоого активдүү катышкандыгы жана жарандык коргонуу тармагындагы кызматтык милдеттерин эрдик менен аткаргандыгы үчүн бир катар жарандар жана аскер кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси К.Досматов мэр Алмаз Мамбетовдун атынан машыгууларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын резервдик мобилизациялоо ротасынын бардык кызматкерлери кайрымдуулук акциясынын алкагында В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына күнүмдүк жөлөк пулдарын тапшырышканы айтылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары аяктады.
Машыгууда республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлдү; резервдик роталарды практикалык түзүү менен областта согуштук абалды киргизүүнүн контекстинде абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты; Ош, Ноокат шаарларынын, Ала-Бука районунун резервдик роталары тарабынан ок атылды.
Мындан сырткары машыгуунун сценарийи боюнча эпидемияга каршы 2-даражадагы аскердик талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, запастагы бөлүктөр тарабынан тосмолор коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүмдөрү тарабынан карапайым калкты эвакуациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Тагыраагы фильтрациялоо пункттарын жана качкындар үчүн убактылуу турак-жай уюштурулду.
Машыгуулар иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып, эң активдүү катышуучуларды ведомстволук медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлоо менен аяктады.
Запастагы бөлүктөрдүн өзгөчөлөнгөн командирлерине жана жоокерлерине наамдарды ыйгаруу боюнча өзүнчө иш-чара өткөрүлдү.
25-майдагы №36 буйругуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын резервдик мобилизациялык ротасынын командири, мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматовго кезектеги “Лейтенант” наамы ыйгарылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт:
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт);
- иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку билим (багытына талап коюлбайт);
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку билим (багытына талап коюлбайт);
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
чет тилин (билгени абзел).
Билгичтиги:
-ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
-кураторлук түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
-кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызматкерлердин алдына так түзүлгөн милдеттерди коюу жана алардын ишине калыс баа берүү;
-жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандардын ортолорунда баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
-башкаруучулук менеджмент;
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-башкаруучулук иш (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, жүйөлөштүрүү жана контролдоо);
-эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана божомолдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;
-иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү,
-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Паспортунун көчүрмөсү;
5. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
7. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2022-жылдын 6-июну саат 18:00гө чейин Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.
• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
• Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.
• Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
• тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнөн тактаңыз!
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });