Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 17 Декабрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 17 Декабрь 2021

Бүгүн, 17-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов мэр болуп шайлангандан кийинки 100 күндүк отчетун берип, журналисттерге маек курду. Калаа башчы 26-август күнү депутаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болуп, Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

Алмаз Мамбетов ишти колго алаары менен 2022-2025-жылдарга карата Ош шаарынын “Келечекке татыктуу шаар” аталыштагы өнүгүү программасы иштелип чыкты. Ага калкты таза суу менен камсыз кылуу, коммуникация тармагын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү, санариптештирүү жумуштарын аягына чыгаруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү, соода-транспорттук логистиканы жакшыртуу багыттары камтылган.
Мэр туризм тармагын өнүктүрүүгө басым жасап, эң оболу Ош шаарынын туристтик брендин иштеп чыгууну жүзөгө ашырды. Ага карата конкурс жарыяланып, калаанын бренди тандалып алынды. Эми Ош Борбор Азиядагы туристтик шаар катары өзүнүн эн белгиси менен чыга алат. Бул долбоор калаанын туристтик беделин көтөрүп, шаардын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет деген ишеним бар.
Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджети 1 млрд. 357 млн. 700 миң сом болуп кабыл алынган. Бюджеттин дээрлик 30%ы турак жай жана коммуналдык чарба тармагына бөлүнгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда шаарда экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жетишкендиктер жаралды.
Алмаз Мамбетов жумуш баштаган күндөн тарта бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү талабын койгон. Ага ылайык тынымсыз рейддер уюштурулуп, салык төлөмдөрүнүн жыйналышы күчөтүлгөн. Кызмат көрсөтүүчү субьектилердин абоненттерин көбөйтүү тапшырмасынан кийин 13993 жаңы абонент кошулган.
Жыл башында башталган курулуш иштерин калаа башчы көзөмөлдөп, сапатына көңүл бурууну тапшырган. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп, 8400 метр жолго асфальт төшөлдү. Шаар казынасынын эсебинен курулган бир бала бакча жана бир ФАПтын имараты жыл соңуна чейин бүткөрүлөт.
Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен узундугу 7200 метр суу түтүктөрүн тартуу, сыйымдуулугу 500 метр куб суу кампанын курулушу, 2 насос орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле көп жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу токтоп калган 4 мектепке акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери жанданды.
Алар Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу мектеп, №3 Ломоносов мектебине кошумча 500 орундуу имарат, Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын Айни көчөсүндөгү 625 орундуу мектеп, Курманжан-Датка аймактык башкармалыгындагы 275 орундуу мектеп.
Алмаз Мамбетов иш баштаган соң Кытай Эл Республикасынын өкүлчүлүгү менен Ош шаарынын мэриясынын ортосунда меморандум түзүлүп, 18 көчөнүн долбоорлору даярдалып сунуш берилди.
100 күн аралыгында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрүнө ынгайлуу шарттарды түзүү колго алынды. Автобус жана троллейбустарга “GPS” навигатор ишке берилди. Жалпы автобус жана троллейбустарда “BUS” сервис мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, онлайн режимде иштөөдө. Жыл аягына чейин 4 кичи автобустук маршруттук каттамдарга пилоттук режимде “GPS” навигаторлору коюлат. Ал эми 2022-жылы шаардагы бардык коомдук транспорттор “GPS” навигаторлору менен камсыздалат.
Күз-кыш мезгилине карата шаардыктарды арзан көмүр менен камсыздоо багытында мэрдин тапшырмасы менен 700 тонна көмүргө келишим түзүлгөн. Көмүрдүн килограммы 3-4 сомдон бааланып, азыркы күнгө карата 200 тоннага жакыны сатылып бүттү. Шаар башчы демилгелеп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 312 үй-бүлөгө 234 тонна көмүр акысыз таратылып берди.
Билим берүү тармагында да өзгөрүүлөр орун алууда. Мэр иш баштагандан бери билим берүү тутумун жаңы деңгээлге алып чыгуу боюнча тапшырмалар коюлган. Ага ылайык мектеп директорлорун ротациялоо, директорлук кызмат ордун ээлөөнү уюштуруу үчүн ички кадрлар резервин түзүү аракеттери башталды.
Ош шаарында 2021-жылдын 7 айында 2 эл аралык мелдеш уюштурулган болсо, соңку 3 айда 4 эл аралык турнир, мелдеш өткөрүлгөн. Шаарда биринчи жолу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын спортко максималдуу тартуу жаатында иш алып барылып, балдарга акысыз машыгууларды уюштуруу боюнча келишимге кол коюлду.
100 күн аралыгында калган тармактарда да активдүү иштер жүргүзүлдү.
Алмаз Мамбетов Ош шаарын жашоого ыңгайлуу, инфраструктурасы өнүккөн, туристтерди тарткан, социалдык-экономикалык жактан өсүүгө жетишкен шаарга айлантуунун алкагында кызмат кылат. 2022-жылга карата ири пландарды, шаардагы негизги көйгөйлөрдү чечүү багытында долбоорлорду ишке ашыруу максатталууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Пятница, 17 Декабрь 2021 14:03

Ош шаарынын бренди иштелип чыкты

Бүгүн, 17-декабрда мэр Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендин презентациялады. Ага Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Орусиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Алмаз Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик шаарга айлантуу максатын койгон. Бүгүнкү иш-чара аркылуу буга алгачкы кадам ташталды. Мэр негизги багыттарына ылайык туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлө турганын билдирди.
Иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге туризм бул жаатта кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Декабрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });