Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 02 Ноябрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 02 Ноябрь 2021

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, арыз, кайрылууларын укту. Ага шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери да катышты.

Шаар тургундары материалдык жардам, ипотекалык негизде үй алуу, жер бөлүп берүү, талаш жер чектери, жол, суу, электр мамычалары тууралуу мэрге кайрылышты. Алмаз Мамбетов 20га жакын жаранды кабыл алып, алардын маселелерин чечүү боюнча жеринде тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Алардын катарында шаардын 224 кварталда электр чубалгыларын тартуу, трансформаторлорду орнотуу боюнча каражат бөлүүнү 2022-жылдын бюджетине киргизүү, жол маселесин тезинен чечүү боюнча тапшырма берди.
Айрым жарандардын маселелери боюнча бир жумалык тактоо иштери жүрмөк болду.
Ошондой эле, материалдык жардам сурап келген айрым жарандарга жардам көрсөтүлдү.
Айта кетсек, шаар мэри Алмаз Мамбетов ар жуманын шейшемби күнү шаар тургундарын кабыл алат. 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Шахназар Бакир уулу , маданият кызматкерлери катышты.

Венера Рыскулова эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгилеп, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан кесиптик майрамдары менен куттуктады.
“Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылып келе жатышат. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөгө калтырбай ар тараптан колдоп келе бермекчи. Маданият кызматкерлеринин кылган кызматы өзгөчө мактоого арзыйт”, - деди вице-мэр.
Салтанаттын жүрүшүндө, маданияттын өсүп-өнүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 30дан ашуун маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды
Ошондой эле, шаардык кеңештин жана маданият башкармалыгынын да Ардак грамоталары жана белектери берилди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Урматтуу Ички иштер кызматынын өздүк курамы!

Кадырлуу ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз милициясынын 97-жылдык маарекеси, салтанаттуу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул майрам күн-түн дебей, тыныгуу билбей күн сайын өз убактысын, күчүн жана ден-соолугун аябай өз милдетин өтөп жаткандардын майрамы.
Бул майрам анын ажарын ачып турган урматтуу Ардагерлердин майрамы!
97-жыл аралыгында Сиздердин коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоодо өзүңөрдүн ден-соолугуңуздарды жана өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салып кызматтык милдеттиңиздерди так аткарып, элдин алкыш- ыраазычылыгына ээ болуп келе жатканыңыздарга жалпы журт өзү күбө.
Милицияда кызмат өтөө бул жооптуу, татаал жана сыймыктуу кесип. Анткени Сиздер, шаарыбыздын тургундарынын тынчтыкка жана бейпилдикке болгон укуктарын коргоодо, кылмышкерлер менен күрөшүүдө, өз өмүрүңүздөрдү эл үчүн, мекен үчүн тобокелге салып күн-түн дебей, өз милдетиңиздерди чеберчилик менен аткарып келе жатканыңыздар талашсыз.
Сиздер ордолуу Ош шаарыбыздагы коомдук-коопсуздукту жана тартипти сактоо менен өлкөбүздүн жана шаарыбыздын өнүгүүсүнө бирден бир чоң салымыңыздарды кошуп келесиздер.
Эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн, анын элинин бейпилдиги үчүн кыргыз милициясынын орду эбегейсиз экени талашсыз.
Ал эми Кыргыз милициясынын даңазалуу тарыхый жолун жаштарыбыз үчүн мурас калтыруу багытында бир топ иштерди аткарып, элдин ичинде жүргөн биздин сыймыктуу жана ардактуу ардагерлерибиз өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Алар кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүргүзүп, азыркы күндө да четте калбай, жаштарыбызга үлгү болуп, аларга жакшы таалим-тарбия берүүдө.
Бүгүн урматтуу Ош шаарынын милициянын кызматкерлери Сиздер шаарыбызда укук-тартипти сактоодо, коомдук коопсуздукту жана шаар тургундарынын бейпилдигин камсыздоодо ак-ниеттүүлүгүңүздөр менен кызмат өтөп жатасыздар.
Мындан ары да Ош шаарынын мэриясы, Сиздер менен биргеликте шаарыбызда бейпилдикти жана коомдук-саясий кыдаалдын туруктуулугун камсыздоодо, эң негизгиси ар-кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда, биргеликте иш алып бараарын жана ар тараптан Сиздерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиремин. Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен байланышты чыңдап, шаар тургундарыбыздын бейпилдигин камсыздап, кыргыз милициясынын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен калктын ишенимин ар дайым актап иштейт деген үмүтүбүздү билдиремин.
Дагы бир ирет Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чын ден-соолук, бакты-таалай, кызматтык ийгиликтерди каалаймын!
Ордолуу Ош шаарыбыз гүлдөп өнүгө берсин!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтыктын өкүмү сүрө берсин!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });