Тарых жана маданият
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тарых жана маданият

Тарых жана маданият (126)

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орунду багындырды.

Ош шаары "Мыкты даярдыгы" үчүн диплом жана 50 миң сом менен сыйланып, сыйлыкты вице-премьер-министр А. Өмүрбекова тапшырды. Ош шаарына ыйгарылган номинациялар:
 
"Көчмөндөрдүн улуттук тамак аштары"номинациясында 1-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Салттуу кийим кечелер"номинациясы боюнча 1-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Театрлаштырылган каада-салттар көрсөтүү" номинациясында 2-орун (диплом жана 50 миң сом);
"Улуттук ыр-бий"номинациясы боюнча 2-орун (15 миң сом жана диплом).

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов паркы толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Майрамдык салтанат аталган паркта белгиленип, салтанатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын бир канча депутаттары жана шаар тургундары катышууда.

Калаа башчысы Т. Сарыбашов мэрия шаардыктарга шарт түзүү максатында эс алуучу жайларды оңдоону, жаңыдан курууну колго алганын билдирди.

“Эгемендүүлүк майрамында Токтогул паркын ачып жатабыз. Токтогул паркынын түзүлгөндүгүнө быйыл 100 жыл болду. Союз убагынан бери каралбай калган паркты толугу менен оңдоп, эс алуучуларга шарт түздүк. Шаардыктарга шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакында Кулатов кичи районунда да чоң аллеяны пайдаланууга беребиз”,-деди мэр.

Токтогул Сатылганов атындагы парктын аянты 9 гектарды түзөт. Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жеке ишкерлер да колдоо көрсөткөн. Паркка 40тан ашуун камера ОБСЕ тарабынан коюлуп, коопсуздук жагы каралган.

Оргумага кыргыз аялдын элеси айкели тургузулуп, таш менен Улуу Жибек жолунун көрүнүшү чагылдырылган.

Түнкү жарыктандыруу иштери аткарылып, ирригациялык лотоктор жаңыланган. Балдар үчүн жайкы сахна курулуп, ишкерлер тарабынан отургучтар орнотулуп берилди.

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа токтоочу жайынан, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексине чейин жүрөт.

Төө, топоз жана аттарга артылган жүктөрү менен, кыргыз, өзбек, фарсы, индус жана кытай улуттарынын өкүлдөрү маршрут боюнча жол тартышат. (Маршрут: А.Навои көчөсү менен барып Курманжан-Датка көчөсүнө бурулат)

Саат 18:45те расмий коноктор “Тамак- аш жарманкеси»менен таанышат. (“Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинин оң тарабында)

Расмий коноктордун чет элден келген туристтер менен баарлашуусу болот.

Мындан тышкары“Ош базары” жер-жемиш жарманкеси, “Кол өнөрчүлөр” жарманкеси уюштурулат.

Саат 19:35те көп улуттуу Ош элинин каада-салты менен таанышуу болот. Ошол эле этнографиялык борбордун аллеясында “Кеште-терме” фестивалынын кол өнөрчүлөр көргөзмөсүн ачуу (тасма кыркылат) аземи өтөт.

Кечки саат 20:00дөн баштап “Сулайман Тоо” музей комплексинин алдында “Ош Фест” туристтик фестивалына арналган театрлаш-тырылган композиция тартууланып, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган“Алтын Өрөөн”республикалык дизайнерлер фестивалынын улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү менен уланат.

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда.

Эс алуу багына таш таман (бурсчатка) басуу иштери 90 %га аткарылды. Паркка кирүүчү жолдогу тепкичтер толугу жаңыланып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандан үчүн пандустар курулган. Эс алуу багына кыргыз аялдын кымыз кармап турган айкели тургузулуп, айкелдин айланасына оргума (фонтан) курулууда.

Улуу Жибек Жолундагы Кыргыз Көчүнүн элесин чагылдырган түстүү таштардан мозаика басуу иштери да жүрүүдө. Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу иштери жүрүп, видео байкоо коюлган. Жүрүп жаткан иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылууда.

Ал эми шаардагы “Дархан” компаниясы тарабынан эс алуу багына 25 отургуч орнотулуп берилди. Быйылкы жылы эс алуу багын толугу менен реконструкциялоо иштери аяктайт. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери сапаттуу жүрүшү керектигин айтып, шаардыктар үчүн өзгөчө парк болоорун билдирди.

“Курулуштун сапатына көңүл бургула. Эски парктардай окшош дизайнда жасабаш керек. Өзгөчө кооз инсталляцияларды, өзгөчө жана сапаттуу отургучтар орнотулат. Максат тез бүтүрүү эмес, сапаттуу бүтүрүү. Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-деди мэр.

Т.Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделип, аймагы 9 гектарды түзөт. 


Сүрөттөр:

https://drive.google.com/open?id=1lKbB6J9s44qMZRzwuW19EOA5gfRrjpmx

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэринин атынан даярдалган сүмөлөктү ачуу шааниси менен башталды. Анда сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Кийинки иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланат.


Сүрөттөр:
https://drive.google.com/open?id=1dDTxEU6daVN7mKrJy24fjvR5uQddF69M

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэринин атынан даярдалган сүмөлөктү ачуу шааниси менен башталды. Анда сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Кийинки иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланат.

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган.

Бүгүн, 8-февралда Ош шаарынын мэриясында эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларды талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук маданият борборунун башкы директору Жумакадыр Курмангазиев, режиссер Эген Чалабаев жана башкалар катышты.

Эл аралык иш-чаранын ачылышы апрель айына пландалып, ачылуу салтанатын жогорку деңгээлде өткөрүү керектиги айтылды. Ага чейин Ош шаарындагы маданий борборлор оңдоп-түзөөдөн өтүп, келген туристтерге шарт түзүү маселелери көтөрүлдү.

Ушул жыл ичинде шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлмөкчү.

Театр фестивалын, кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы, акындардын эл аралык айтыштары, улуттук оюндар жана эл аралык илимий-практикалык конференциялар боло тургандыгы пландалууда. 

 

Cүрөттөр:

https://drive.google.com/open?id=13jTVeWbNsPMEIkEmPMwONEVb8ZW-jwDd

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата иш-чараларды уюшкандыкта даярдоо жана өткөрүү максатында «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында Ош шаарында Мамлекеттик тил күнүн С.Ибраимов  атындагы Ош улуттук драмалык театрында жогорку денгээлде уюштурулуп, мекеме-уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин жамааттарынын, студенттеринин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлгөн. Анда мамлекеттик тил күнүнө карата китеп көргөзмөлөрү, театралдык көрүнүштөр, чыгармалар, көркөм окуулар жана концерттик программалар уюшутурулган.           

             “Эне тил жана Айтматов” мамлекеттик тил үч айлыгына карата иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын арасында “Эне тил жана Ч.Айтматов” темасында документалдуу фильм сынагы, театр жамааттары арасында “Эне тил жана Ч.Айтматов” темасында  спектакль даярдоо жана коюу, жогорку окуу жайлары арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тил жана Айтматов” темасында студенттер арасында чыгарманы  сахналаштыруу боюнча сынак жарыяланган.

Аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө жана үч айлыктын жүрүшүнө активдүү катышкандарга 11 номинация боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баалуу белектерди тапшырды. 

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында “90 жылдыкка 90 көркөм өнөр” аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат.

Борбордук аянтка боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл-чарба жарманкеси өтөт.

Ал эми, ОУДТда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болот.

Ошондой эле, ОУДТда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан документалдуу фильм көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Ош облустук ат майданында «Жаныбарым Гүлсары! аттуу улуттук «Көк бөрү», «Ат чабыш», «Кыз куумай» , « Жорго салыш» оюндары боюнча мелдештер өтөт. Ат оюндарынын финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот.

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программадагы гала-концерт болуп өттү. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлөрү күбө болду.

Т.Сарыбашов жалпы шаардыктарды Ош шаарынын 3018 жылдыгы менен куттуктап , шаардын экономикасы, инфраструктурасы өнүгүү жолуна түшүп, элибиз өзүнүн улуттук нарк-насилин, маданий мурастарын сактоо жана аны ар тараптан байытуу менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп жаткандыгы гын билдирди.

-“Ош шаарынын Күнү оштуктарга гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн өзгөчө күн, өзгөчө майрам! Анткени, үч миң жылдан ашуун тарыхы бар Ордолуу Ош шаары Кыргызстандын чегинен сырткары бүтүндөй Борбордук Азия мейкиндигинде өзгөчө орунда турган саясий-экономикалык жана маданий борбор.  Ош шаары элибизге береке-молчулуктун, ынтымак-ырашкерликтин, кеңпейилдиктин жана меймандостуктун шаары катары таанылса, ал эми шаардыктар карапайым, мээнеткеч, доско достой мамиле жасай билген нарк-насилдүү эл катары белгилүү экендигинен кабарыңыздар бар деп ойлойм.
Андыктан, жерибизде дайыма Ош шаарынын Күнүндөй кубаныч – шаттык өкүм сүрүп, жергебизде бүгүнкүдөй салтанат, элибизде ынтымак, биримдик, тынчтык өкүм сүрүп турсун”,-деди шаар жетекчиси.

Концертте Өзбекстандын эстрада жылдызы Райхон, Кыргызстандын эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлнур Сатылганова, Асел Касымова, Сайкал Садыбакасова жана башка ырчылар шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулады. Ошондой эле,  “Мурас” тобу, фольклордук жана бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Майрамдык концертке 15 миңге жакын адам күбө болду.

Иш-чара жаштар үчүн уюштурулган бий кече менен жыйынтыкталды.

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл. 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });