Версия для печати
Суббота, 20 Май 2017 09:34

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-дастанчы, акын, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык маарекесине арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты.
Шаар мэри Ж.Алыбаевдин кыргыз искусствосундагы ордун, анын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, 70 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Ошондой эле, А.Кадырбаев Ош шаарынын мэриясынын атынан маареке ээсине 100миң сом ыйгарды.

Майрамдык кече, белгилүү комузчу, аткаруучулардын, Ж.Алыбаевдин окуучуларынын, эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

Окулду 21030 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо