Версия для печати
Четверг, 18 Май 2017 09:58

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты.     

 Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

      -“Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды  бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Энелер жөнүндө кандай гана алкоо, кандай гана мактоо айтпайлы сиздер ага татыктуусуздар.  Эне үйдүн куту, турмуштун туткасы, дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер.   Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экендигин эч ким тана албайт”, - деди А. Кадырбаев.

  Майрамдык иш-чаранын негизинде 1000ге жакын энелерге баалуу белектер тапшырылып, Улуттук Филармониянын ырчылары,КРдин Эл артисттери Саламат Садыкова, Султан Каримов жана башка эстрада жылдыздарынын, "Ак Марал" бий тобунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Окулду 18177 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо