Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышып, анда бир катар номинациялар боюнча дипломдорго ээ болду.
Улуттук тамак-аш сынагынан баш байгени алса, боз үйдү ылдамдыкта тигүү боюнча шамдагай жигиттердин сынагы, салттуу кийимдер жана башка кароо сынактардан биринчиликти ээлешти. Ошондой эле экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мыкты даярдык көргөндүгү үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясына экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышып, кыргыз элинин байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кайталангыс салт-санаасын дүйнөгө даңазалоо ишине кошкон салымы үчүн өкмөт башчынын диплому берилди.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз элинин бай тарыхын даңазалап, көчмөн элдеринин достугун бекемдейт деп айттып өттү.
Көчмөндөр ааламындагы Ош шаарынын ордосу Улуу Жибек Жолу базарын уюштуруп, анда ууз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, усталардын өз колдорунан жасалган буюмдары көргөзмөгө коюлду. Ак тандай акындардын айтышы, манасчылардын өнөрлөрү бааланып, байыркы Оштун басып өткөн тарыхы көрсөтүлдү.