Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн эл аралык “Этномаданият” фестивалы борбордук аянттагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Ага КРнын вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад областарындагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басарлары, өлкөнүн булун бурчунан, чет мамлекеттерден келген коноктор, мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.
-“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Этномаданият” фестивалынын өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт”, - деди А.Кадырбаев.
Айта кетсек, биринчи эл аралык “Этномаданият” фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3 июнь күндөрү алты багытта өткөрүлдү. Келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салат, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак аштары, байыркы шаар, ууз чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алды.