Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 27 Май 2016 11:55

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фестивалы өтөт.

Фестиваль төмөнкү алты багытта өткөрүлөт:

-Этномузыка багытында — фольклордук топтордун чыгармачылыгы,

-Этномода багытында — байыркы улуттук кийимдерди жаңыча шөкөттөгөн дизайнерлердин эмгектери,

-Кол өнөрчүлүк, каада-салт,

-Живопись,

-Улуттук тамак-аш,

-Антиквариат менен букинистикалык адабияттар багыттары.

Кеңири масштабдагы "Этномаданият" фестивалынын алкагында боло турган бул алты багыт шаардын алты жеринде тартууланат.

 

Алымбек датка эс алуу борборунда "Каада салт" бөлүмү — тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу жөрөлгөлөрү көргөзөт. 

"Кол өнөрчүлүк" бөлүмү боюнча Театр аянтында жыгач, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр, белек-бечкек буюмдарын жасоочулардын катышуусунда өтөт.

Байыркы оштун элеси — короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү.

Айыл чарба институтунан стадионго чейинки Ленин көчөсүндө атайын декорацияланган "Байыркы көчөдө" "Байыркылар жашоосу" багытында көргөзмөлөр коюлуп, коноктор байыркы жашоодогу буюмдар, эски короо жай шаймандары, үй эмеректери, чайхана, короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү, набайкана, самсакана, устакана жана башкалар менен тааныша алышат. 

Ош шаарындагы "Изюм" кафесинин алдында улуттук тамак-аш фестивалы каалоочуларды тосуп алат. 

 "Антиквариат, букинистикалык китептер" бөлүгү Жайкы театрда (Токтогул паркынын ичинде жайгашкан жайкы театр) өткөрүлүп, ал жерде түстүү металлдан жасалган зергер буюмдары, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, монеталар, китептер, букинистикалык газета-журналдардын көргөзмөсү башталат. 

Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдан борбордук аянтка чейин байыркы чыгыш көчөсү көркөм шөкөттөлүп жасалып, көчө музыканттары, маскарапоздор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Баткендин атактуу килемдери менен Чоӊ-Алайдын таарлары этно шаардын көркүн ачмакчы.

Ал эми музыка сүйүүчүлөргө гала-концерт тартууланып, этно мода көрсөтүүчү дизайнерлердин моделдерин көрсөтүү менен айкалышат. 

"Этномаданият" фестивалы 3-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында гала концерт  тартууланып, салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат.

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан аталган Эл аралык фестиваль коңшу мамлекеттерден жана өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген конокторду кабыл алат. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, элчиликтер, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр жана коомдук уюмдар чакырылган.

Эл аралык "Этномаданият" фестивалы конокторду Ош шаарында кыргыз айылына чакырып, ал элди байыркы, кызыктуу дүйнөгө келгендей таасир калтырат.

 

Окулду 36745 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });