Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн Оштогу он алтынчы жолугушуусунун аткагында “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун КРдагы өкүлү Кожогелди Култегин, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү, шаар тургундары жана жаштар катышты. Көргөзмөгө 12 сүрөтчүнүн 3төн сүрөтү – жалпысы 36 сүрөт коюлду.
Анда сүрөтчүлөр Ош шаарын жана облусун чагылдырган. Айта кетсек, буга чейин Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү Оштун көрүнүктүү жерлери Сулайман-Тоону, борбордук базарды кыдырып, Ош шаарынын күнү – элдик майрамын сүрөткө тартышкан.
Ошондой эле, Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасын, кыргыз айылдарын, жаратылыш көрүнүштөрүн да сүрөткө тартып кайтышкан.