Версия для печати
Среда, 01 Август 2018 04:38

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жылдын август айынын ар ишемби күндөрү майрамдык иш-чаралар өтөт.

4-11-18-25-август күндөрү шаардагы эс алуу бактарында, Ош шаардык маданият башкармалыгы, шаардагы музыкалык мектептердин, балдардын чыгармачылык борборлорунун, театр кызматкерлери тарабынан концерттик , оюн-зоок программалар көрсөтүлөт. Ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан  спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Майрамдык иш-чаралар төмөнкү эс алуу жайларында уюштурулат:

4-август – “ Алымбек Датка ”  этнографиялык борбору,

11-август –  “ Ата Түрк ” сейил багы,

18-август – “ И.Раззаков ” атындагы сейил багы,

25-август– “ Жайкы сахна” подиумда.

Башталашы: саат 18:00.

Окулду 9299 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо