1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси:
1. 9.30 “Аяр бала” балдардын ден- соолугун калыбына келтирүү борборунда майрамдык оюн- зоок уюштурулат. Атайын белектерди тапшырылат.
“АЛЫМБЕК ДАТКА” этнографиялык борборунда өткөрүлүүчү иш- чаралар:
Саат 10.00 тарта “АЛЫМБЕК ДАТКА” этнографиялык борборунда уюштурулган иш-чара ойлоп табуучу балдардын эмгектеринин көргөзмөсү менен башталат. Андан соң балдардын сүрөт көргөзмөсү, балдардын ата- энелери менен өкөрүлгөн спорттук таймашы өткөрүлөт. Анда катышуучуларга атайын белектер тапшырылат. Ошондой эле, Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачыл борбору тарабынан уюштурулган чоң программадагы концерт жана оюн-зооктор келгендерге тартууланат. Конкурстар уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясынын атынан катышуучуларга баалуу белектер тапшырылат.
Саат 10:50дө “Футбол академиясынын” спорт талаасында балдар менен футбол оюну өкөрүлөт. (атайын белектерди тапшыруу)
Саат 12.00до “ДЕЛЬФИН” сууга сүзүү борборунда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган оюн-зоок программалар тартууланып, жайкы сезондун ачылышы болот. Ага “ Алтын уя”, “Лотос” балдар уйуну, “ Көрүүсү жана угуусу начар балдар интернатынын” тарбиялануучуларынын катышат. Атайын даярдалган белектер тапшырылат.
Саат 10.00до “АТА-ТҮРК” сейил багында Ош билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга арналган оюн- зоок программа өтөт. Ага В. Терешкова атындагы мектеп- интернатынын балдарынын катышат.
Саат 10:00до “И. РАЗЗАКОВ” атындагы сейил багында да Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан даярдалган майрамдык иш- чара тартууланат. Анда кичинекей бөбөктөр жөрмөлөп жарышат.
Ош шаарынын мэриясы