Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын гала концерти менен жыйынтыкталды. Ага жалпысынан Кыргызстандын жети облусунан келген 43 чыгармачыл топ катышып, элдик ырларды жалпы келген көрүүчүлөргө таттуулашты.
Белгилей кетсек, бул иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алагында Кырыгыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.
Телефестивалдын Гран-Приси Ыссык-Көл облусунан келген “Ыссык-Көл ажары” чыгармачыл тобуна тапшырылды.