Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 21 Март 2018 12:34

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Россия,Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.

-“Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз күн менен түн теңелип, жылдар тогошкон улуу күндө жер айдап, үрөн сээп, жараткандан жакшылыктарды тилеп келишкен. “Нооруз”  дайыма жаздын, эмгектин,  биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары  майрамдалып келет.

Куттуу майрамда элибиз бири бирине аяр, боорукердик менен мамиле жасап, аз камсыздууларга жардам берип, кутман карыялардын батасын алууга умтулушкан. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып,  сүмөлөк кайнатып, бири – бирине ак  тилек,   таза сезимдерин билдирет.

Ушул жылы касиеттүү Кыргызстаныбызда анын  ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдиктин, тынчтыктын нуру чачып, элибиз  токчулукта, молчулукта бакубат жашоо кечирсин!  Жалпы кыргыз элин  кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!”-деди шаар мэри А.Кадырбаев куттуктоо  сөзүндө.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Нооруз –элдик нарктын, баалулуктардын кайра жаралуусунун негизи!” аттуу театралдык оюн зоок жана чоң программадагы концерт болду. Анда, “Аталар мурасы”, “Энелер насааты”, “Жыл тогошуу”, “Нооруз” жөрөлгөлөрү” көрсөтүлүп, жалпы шаар жаштары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин катышуусунда концерт тартууланды. Ошондой эле,“Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына  сүмөлөк таратылды.

Андан соң, Айыл-чарба техникумунун аянтында “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп,  ордо, аркан тартыш, тогуз коргоол улуттук спорт оюндары уюштурулду.

Ага улай, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат, Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырган “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү уюштурулуп, ал Кыргыз элинин оозеки чыгармачылы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Борбордук аянттагы “Нооруз-2018” майрамына 10 миңден ашуун шаардыктар жана шаар меймандары күбө болушту.

Мындан сырткары, шаар ичиндеги  майрамдык аянттар, эс алуу жана  сейил бактар  майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алышууда. Ошондой эле шаардын бардык аймактык  кеңештеринде сүмөлөк кайнатылып,   «Нооруз-2018» элдик майрамы көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктордун коштоосунда өтүүдө.

Окулду 25417 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });