Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Четверг, 31 Август 2017 23:04

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурулган чоң программадагы концерттик иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Маданий салтанатка КРнын Премьер-министри Сапар Исаков, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Акрам Мадумаров, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары, коноктору жана жаштар келип, күбө болушту.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Эгемендүүлүк күнү Кыргызстан үчүн эбегейсиз мааниси чоң майрам экендигин баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алуу үчүн кылым кезген жол бастык. Биздин элдин кайратмандыгы, эрктүүлүгү, сабырдуулугунун арты менен саясий жана экономикалык кыйын кырдаалдарды жеңдик. Учурда мамлекетибиз көз карандысыз, деморктиялык, экономикалык жактан гүлдөп өсүп жаткан өлкө”,- деди С.Исаков.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп, учурда Кыргызстан- дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун таба алгандыгын белгилеп, анын ичинде Ош шаары да жыл өткөн сайын өсүп өнүгүп жаткандыгына токтолду. Ошондой эле, мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жумшалат деп кошумчалады.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында борбордук аянтта улуу тарыхты, ата-бабалар басып өткөн жолду чагылдырган таетрлаштырылган көрүнүштөр орун алды. Ошондой эле белгилүү эстрада жылдыздарынын, бий топторунун коштоосунда концерттик программа болду. Андан соң, майрамдык фейерверк атылып, жаштар үчүн бий кечеси менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун адам күбө болду.

Окулду 33640 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });