1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Сергей

Сергей

 Мындан эки жыл мурда,тагыраагы 2015-жылы Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров аталган турак үйлөрдүн тургундары менен жолугушуу өткөрүп,бул үйлөрдүн абалы кооптуу экендигин эскертип, инвесторлор жаны үй куруп берүүгө даяр экендигин бүгүнкү күнгө чейин айтып келүүдө, бирок аталган үйдүн тургундары ал жерден көчүп чыгууга кээлери макул, кээлери каршы болуп жаткандыктан, бул маселе ачык бойдон калууда.Ал гана эмес, айрым тургундар бир бөлмөлүү батирин 50 мин долларга чейин баалап, көпчүлүктүн оюн эске албай жаткандыгы өкүндүрөт.

 «Биз атайын комиссия түзүп, ал үйлөрдүн абалы менен жеринен таанышып келгенбиз. Кооптуу үйдө студенттер жашап жатат. Орто жолдо ижарачылар жабыркап калышы ыктымал. Биз буга чейин бир топ инвесторлор менен сүйлөштүргөнбүз. Бирок, бул көйгөй чечилбей келе жатат. Үйдүн ээлери макул болбосо, биз аларды кууп чыгара албайбыз. Коңшулар бир чечимге келишсе бул маселе чечилет», - деди З.Аскаров.

Учурда аталган турак үйлөрдүн тургундары менен Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтары,аймактык кенештин төрагасы, ӨКМдин жана башка тиешелүү тармактардын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Эскерте кетсек,2009-жылы мамлекет тарабынан 390 миң сом компенсация катары берилип, анын 50 миң сомуна канализациянын түтүктөрү алмаштырылган. Ал эми 340 миң сомун 34 адам 10 миң сомдон бөлүп алышкандыгын 264-үйдүн башчысы М.Айдаров маалымдады.

Бүгүн, 15-август Ош шаарындагы Сулйаман-Тоо мечитинде жарандарды ажылык сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев зыяратчыларга ажылык сапарга барып, кыргыз жерине, анын ичинде Ош шаарынын тынччылыгы үчүн дуба кылуусун суранды.

“Баарыныздарды карап туруп жүзүнүздөрдөн тазалыктын, боорукердиктин нуру чачып жатканын көрүп турам. Ажылык сапар дал ушунусу менен айрымаланат. Мусулманчылыктын бир парзын аткарып ажылык сапарга аттанып жатасыздар, ийгилик менен барып келиңиздер. Сүйүктүү пайгамбарыбыз туулуп өскөн жана ислам дини алгачкы жаралып ааламга жайыла баштаган ыйык жерлерди көрүү адамдардын жан дүйнөсүнө кубат берип, диний ишенимдерин күчөтөт”, - деди А. Кадырбаев.

Айта кетсек, Ош шаарынын казыятынын маалыматы боюнча 19-август күнү Кыргызстандан алгачкылардан болуп Ош шаарынан 342 жаран ажылык сапарга учуп кетишет. Жалпысынан Меккеге зыярат кылууну көздөгөн 604 шаар тургундары шаардык казыятка кайрылышкан, чүчүкулактын негизинде 342 жаран тандалып алынган.

Белгилей кетсек, ажылык сапар менен Меккеге аттану 19-августтан тарда  19-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Кечээ, 29-июль “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекет ачылуу аземи болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Швейцария өкмөтүнүн экономика боюнча мамлекеттик секретариатынын өкүлү Франсуа Саламе, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук  Азия аймактары боюнча башчысы Нейл Макейн, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

 Саркынды сууларды тазалоочу бекеттин долбоору 2011-жылы башталган. Каржы жактан колдоо Швейцария Өкмөтү тарабынан 4,3 млн. кайтарымсыз грант түрүндө жана ЕБРР банкы тарабынан 3,0 млн. кредит түрүндө бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн каражаттарга 5,7 чакырым болгон таза суу системасы жаңыланып, насостук бекеттердин жабдууларын толугу менен заманбап жабдууларга алмашылып, 7,7 чакырым болгон жаңы канализация системасын курулуп, Туран аймактык кеңешине 3360 дистанциондук суу эсептегичтер орнотулуп, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу бекетти реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.
 
 Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров бекет 40 жылдан ашуун убакыттан бери каралбай калганын айтып, саркынды суу тазалоочу бекетти калыбына келтирүүдө чет элдик уюмдардын жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин билдирди.
 
 -“Каражаттын бир бөлүгү кубаттуулугу 80 миң.м3 болгон II кезектеги механикалык тазалоо бөлүгүн реконструкциялоого жумшалды. Бекет Орто Азияда биринчилерден болуп заманбап жабдууларга алмаштырылып ишке берилди. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин саркынды суулар, адам күчү менен тазаланып келген жумуштар толугу менен автоматташтырылды. 2014-жылы КР Президенти тарабынан I кезектеги саркынды сууларды тазалоо бекетин капиталдык ремонтоо жана ишке киргизүү максатында 9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул иш аракеттер саркынды суу тазалоо бекетинин өндүрүмдүүлүгүн дагы 20 миң куб көрсөткүчүнө арттырат. Ошондо бул аталган өндүрүштүк объектибиздин кубаттуулугу 100 миң куб. көрсөткүчүнө жетет”,- деди З.Аскаров.  
 
 Белгилей кетсек, I кезектеги кубаттуулугу күнүнө 20 миң м3 саркынды сууларды тазалоочу бекети 1965-жылы курулган, II кезеги 1977-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык ремонттоо, жабдууларды алмаштыруу, имараттарды ремонттоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында, бекет моралдык жана физикалык жактан эскилиги жетип, саркынды сууларды тазалоо иштери адам күчү менен гана жүргүзүлүп келген.
 
Алты жылдан бери июнь окуясынан жабыркагандар мыйзамсыз жашап келе жаткан “Жаштык” лагери толугу менен бошотулуп, кайрадан эс алууга окуучуларды кабыл ала баштады. Бүгүн, 11-август Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аталган лагерди текшерип, эс алууга келген балдар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев учурда “Жаштык” лагеринин бир бөлүгү оңдоп-түзөлгөнүн айтып, кийинки жылдан толугу менен ишке кирерин билдирди.

-“Кандайдыр бир себептер менен лагерге Ош шаарынын жарандары 2010-жылдын июнь айынан тарта жашап келе жатышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп , башка жакка көчүрүлгөн соң, балдардын эс алуусуна кам көрө баштадык. Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, кароосуз калган балдардан жыйырма беш бала жаңы окуу жылына жакын бир жума эс алат. Учурда шарттарды көрүп чыктык, даяр. Ал эми кийинки жылдан тарта реконстуркция иштерин жүргүзгөн соң, 220 бала бир жумада эс алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо, жайкы эс алуу учурунда 2 миңге чукул бала лагерде эс алат”, - деди А.Кадырбаев.

Айта кетсек, “Жаштык” лагери Ош шаарындагы жалгыз муниципалдык балдардын эс алуучу жайы.

Белгилей кетсек, 2010-жылдан тарта «Жаштык» лагеринде июнь окуясынан жабыр тарткан 11 үй-бүлө  мыйзамсыз жашап келген. Алар үстүбүздөгү жылдын 19-июль күнү өкмөттүн тапшырмасынын негизинде, Ош шаарынын мэриясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Курманжан Датка-2 аймактык кеңешине караштуу “Алай-1” массивине көчүрүлгөн. Азыркы тапта 8 үй-бүлөгө жер бөлүнүп берилди.

Бүгүн, 11-август Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөнүн курулушунан кабар алды. Учурда Н. Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирип туруучу көпүрөнүн курулуш иштеринин 70% бүттү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы көпүрө менен биргеликте дагы эки чоң долбоор ишке ашып жаткандыгын айтты.

-“ Жаңы көпүрөнүн курулушунун акыркы иштери калды, 25-август толугу менен бүтүп, 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү шаардыктарга тапшырабыз. Аны менен катар Түштүк чыгыш кичи районундагы, көпүрө менен жанаша турган “Жеңиш” багы пайдаланууга берилет. Ал эми бул эс алуу жайга кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулат”, - деди А. Кадырбаев.

.

Белгилей кетсек, курулуш иштери  ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзөт. Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр. Көпүрө Курманжан Датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айылдык аймагын бириктирип турат.

Азыркы тапта, 30дан ашуун көпүрө куруу боюнча атайын адистер, 20га жакын техника өз ишин жүргүзүлуп жатат. Көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын негизинде курулуп башталган.

Ал эми СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги “Жеңиш” багына ушул жылдын күз айларында коюлат. Архитекторлордун айтымында бул эстелик кино актёрдун өлкөдөгү эң алгачкы эстелиги болмокчу

Бүгүн, 12-августта  Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаровдун катышуусунда куруучулардын кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди. Ага бөлүм башчылар, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар келип катышты.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоосун биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жеткирип, Ош шаарынын көркүнө, өнүгүүсүнө салым кошуп, түштүк борборун  туурасынан эмес тигинен өстүрүп жаткан бул куруучулар экендигин баса белгиледи.

-“Майрамыңыздар менен! Жалпысынан үстүбүздөгү жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 28 курулуш объектилерин куруу  пландаштырылган. Аларды ишке ашырууда сиздер сыяктуу дасыккан куруучулардын, архитекторлордун эмгеги чоң. Жакынкы аралыкта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата да куруучулардын эмгеги менен тургузулуп жаткан бир топ социалдык объектилерди шаардыктарга тапшырабыз. Ош шаарынын гүлдөп өсүүсүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис”, - деди З. Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарнын мэриясынын буйругунун негизинде куруучулардын кесиптик майрамына карата, шаардагы курулуштарга кошкон салымы үчүн 20га чукул куруучуларды жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлерин  ардак жана алкыш баракчалар менен сыйлап, акчалай сыйлыктарды тапщырды.

Бүгүн, 13-август Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан, 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн капсула салуу аземи болуп өттү. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ички иштер министирлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары, күч органдарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бул багыттагы жумуштар мындан ары да уланып, жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар экендигин айтып, күч түзүмдөрүнө кубаттуулукту жана кайраттуулукту каалады.

Ал эми Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошевдун айтымында капсула салынган көп кабаттуу үй 12 кабат болуп, алдынкы кызматкерлерге бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, 220 батирлүү 12 кабат үй 2017-жылдын күз айларында бүтөт. Көп кабаттуу үй өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Сметалык баасы 302 млн.сом.

Бүгүн, 20-июнь Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Анда шаарды иретке келтирүү маселеси каралып, тургундардан түшкөн арыздар жеринен текшерилди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көчмө жыйындын жүрүшүндө борбордук үч көчөнү иретке келтирип, иштебей турган фонтандарды калыбына келтирүүнү колго алып жаткандыгын билдирди.

-“ Шаардын сырткы көрүнүшү, тазалыгы эң манилүү. Андыктан Курманжан Датка, Ленин жана Масалиев көчөлөрү борбордук бологондуктан, өзгөчө көңүл буруп, жол жээгиндеги имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, иригация, жашылдандыруу, жарыктандыруу маселелерин жоюп жатабыз. Аны менен катар эс алуу жайлары жана фонтандар реконструкцияланат. Ошондуктан баардык маселелерди жерине келип көрүп, текшерип, чечүү жолдорун табыш үчүн көчмө жыйын өткөрдүк”, - деди А.Кадырбаев.

Көчмө жыйындын алкагында Айтмамат Кадырбаев Бабур театрынын алдындагы жайкы кафелерди кыдырып, санитардык көзөмөлдөө борборунун жетекчисине баардык жайларда сатылып жаткан тамак аштардын сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Ошондой эле, Монуев көчөсүндө жайгашкан жалпы мончо текшерилди. Анткени мончонун айланасындагы жеке турак жайлардан жана көп кабаттуу үйлөрдөн бир нече кайрылуулар болуп, мончодон чыккан түтүн шаардыктарга зыянын тийгизип жаткандыгы айтылган. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жеринен көрүп, мончонун ээсине маселени чечүүгө убакыт берди. Эгерде берилген мөөнөт ичинде тургундардын талаптары аткарылбаса, анда иш сотко өтөөрүн эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө тазалык, жашылдандыруу комбинатынын жетекчилерине да тийиштүү тапшырмалар берип, Түштүк чыгыш аймагындагы курулуп жаткан көпүрөнүн курулушунан кабар алды.

16-17-июнь күндөрү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген делегация Казакстандын Тараз шаарына расмий иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында А.Кадырбаев Тараз шаарынын мэри Нуржан Календеров менен жолугушуп, эки тарап кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.

Тараз шаарынын мэри облустук борбордун социалдык-экономикалык өнүгүшү жана Кыргызстан менен ар кайсы багыттагы шериктештиги тууралуу маалымат берди.

"2015-жылы Жамбыл облусунун Кыргызстан менен болгон соода жүгүртүүсү 6,6 миллион долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле биздин облуска 2,4 миллион долларлык товар импорттолуп, 2,7 миллиондук товар экспорттолду. Казак-кыргыз бир тууган деп байыртан айтылып келет. Маданият, тил, каада-салт жактарынан эки улуттун окшоштуктары абдан эле көп. Кыргызстандын түштүк борбору менен Тараз шаары өз алдынча кызматташууга даяр",-деди Н.Календеров. 

Ал эми А.Кадырбаев Кыргызстан менен Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 905 миллион долларды түзсө, анын ичинде Ош шаарыныкы 13,3 миллионду түзөрүн баса белгиледи.

"Биз президент Нурсултан Назарбаевге казак тараптын каржылоосу менен мектеп-интернат куруу боюнча чечимине ыраазычылык билдиребиз.Заманбап шарттары менен курулган 500 орундуу мектеп сентябрь айында ачылат. Үч миң жылдык Ош шаары миң жылдык Тараз шаары менен тыгыз кызматташып, эки тараптын мамилесинин өнүгүшүнө мындан ары бардык аракеттер жумшалат ",-деп билдирди А.Кадырбаев.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында шаар мэри А.Кадырбаев Тараз шаарынын жетекчисин  5-октябрда өтө турган Ош шаарынын күнүнө чакырды. 

Бүгүн, 18-июнь “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Ош шаарындагы медицина кызматкерлинин арасында “Ден соолук-2016” спартакиадасы болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаары жана Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Абдылатип Шамшиев, медициналык мекемелердин кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров сөз сүйлөп, медицина кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы  менен куттуктады.

-“ Баарыныздардын келе жаткан майрамыңыздар менен. Жалпы тургундарды сергек жашоого үндөгөн бул иш чара ийгиликтүү өтүп, күчтүүлөр жеңип чыксын. Дени сак мамлекетти курууда сиздердин кылган эмгегиңиздер баа жеткис. Ар дайым эл кызматында боло бериңиздер”, - деди З.Аскаров.

Жалпысынан район жана шаардан болуп 14 команда катышты. Медицина кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан спартакиадада катышуучулар спортттун беш түрү боюнча күч сынашат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт. 

Страница 1 из 10

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26