Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 02 Сентябрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 02 Сентябрь 2021

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү муниципалдык кызматтар менен биргеликте шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имартаттын курулушуна барып, жүрүп жаткан иштерден дагы кабар алды.

Мектеп-гимназиянын курулушунун тендерин “Бекстрой плюс” компаниясы утуп алып, 2016-жылдын 4-кварталында курулуш иши башталган.
Калаа башчысы Алмаз Мамбетов 20-августта аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп, курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу, 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн кошумча имараттын курулушун бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берген.
Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.
Ал эми айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү боюнча иштер октябрга чейин жүрөт.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алды.

Алгач Курманжан Датка №121 дареги боюнча салынып жаткан 9 кабаттуу үйгө барды. Аталган көп кабаттуу үй 80 батирлүү, учурда курулуш иштеринин 70% бүткөн. Айта кетсек, 1 бөлмөлүү – 32, 2 бөлмөлүү - 32, ал эми 3 бөлмөлүү - 16 батир жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган.
Андан соң, Достук кичи районундагы №83 көчөсүндөгү, №25 үй дарегиндеги 9 кабаттуу 90 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн курулушун көрдү. Азыркы учурда жалпы курулуш иштеринин 85% аткарылган. Аталган көп кабаттуу үйдө 1 бөлмөлүү батирден- 38, ал эми 2 бөлмөлүүдөн – 34, 3 бөлмөлүү – 18 батир бар.
Шаар башчысы Алмаз Мамбетов жөнөкөй муниципалдык кызматкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгилеп, мындан ары бул иш токтобой уланыш керек деп кошумчалады. Ошондой эле, куруп жаткан компанияларга сапаты жагына жакшы көңүл буруу зарыл деп, каттуу талаптарын койду.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулу учурда шаарда үч көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, шаар күнүнө карата эки көп кабаттуу үйдү бүтүрүп, шаардыктарга тапшыруу пландары бар экендигин кошумчалады. Ошондой эле, азыр ипотекалык багытта үй алууну көздөгөн 1700дөн ашуун шаар тургундары тизмеде тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 А дарегинде дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Ал 9 кабаттуу болуп, 45 батирлүү.
Ошондой эле, муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк багытта көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын алкагында бир 12, эки 9 көп кабаттуу үйлөр курулат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });