Версия для печати
Воскресенье, 22 Август 2021 19:45

Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кол өнөрчүлөрдүн масштабдуу көргөзмөсү, театралдык оюндар жана гала-концерт өтөт

31-август күнү, Ош шаарында борбордук аянтта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында масштабдуу майрамдык программа уюштурулат:
- борбордук аянтка 7 боз үй орнотулуп, кол өнөрчүлөрдүн, уз-чеберлердин буюмдарынын, улуттук тамактардын көргөзмөсү өтөт. Аны боз үйгө атайын түзүлгөн комиссиялык топ жеңүүчүлөрдү аныктап, диплом жана балуу белектер тапшырылат;
- Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан уюштурулган "Достук фестивалы" болот;
- шаардын борбордук аянтында түштүк борбордун тургундары жана коноктору үчүн шаардык маданият башкармалыгынын, «Келечек» чыгармачылык балдар үйүнүн чыгармачыл жамааттары, шаарда жайгашкан театрлар тарабынан даярдалган концерттик программа, белгилүү инсандар: Алымбек-Датка, Курманжан-Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдун өмүр жолу тууралуу тетрлаштырылган көрүнүштүр тартууланат. Мындан тышкары, кыргыз эл артистери, эстрада жылдыздары: Саламат Садыкова, Керим Турапов, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева, чыгармачыл топтордун жана жамааттардын катышуусунда майрамдык концерт өтөт.
- борбордук аянтка келген коноктор үчүн дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган "күрөш", аркан тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча спорттук мелдештери өткөрүлөт. Ошондой эле, Т.Сатылганов жана Навои атындагы сейил бактардаа тогуз коргоол, ордо, шахмат боюнча мелдештер уюштурулат.
Кечинде, саат 20:00до Ош шаарынын борбордук аянтында белгилүү ырчылардын, маданият кызматкерлеринин катышуусунда чоң программадагы гала -концерт өтөт.
Иш -чара майрамдык фейерверк менен аяктайт.
Окулду 1899 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо