Бүгүн, 18-февралда Ош мамлекеттик университетинде бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Тил - улуттун жүзү" аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, ОшМУнун проректору М.Саитдинов, улуттар ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, студенттер жана ОшМУнун окутуучулар жамааты катышты. Иш-чаранын алкагында ар улуттун кол өнөрчүлөрүнүн буюмдарынын жарманкеси уюштурулуп, каада салттары көрсөтүлдү.