Версия для печати
Пятница, 09 Февраль 2018 05:36

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация жумуш сапары менен келди.

Жумуш сапардын алкагында, Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков ,Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана делегациянын мүчөлөрү шаардагы Алишер Навоинин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан А.Навои атындагы мектебине кошумча 630 орундуу окуу корпусунун курулуш иштери мене таанышты.

Андан соң, жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын ишмердүүлүгүн көрүштү.

 

Окулду 12145 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо