Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 28 Апрель 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 28 Апрель 2022

28-апрелде Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы болуп өттү. Күн тартибинде 6 маселе каралды:

- Ош шаарынын 2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудиттин жыйынтыгы жөнүндө;
- Ош областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- 2021-2022-жылдардын күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жөнүндө жана 2022-2023-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жөнүндө;
- Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жана Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттар жөнүндө;
- Ош шаарында коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жол бербөө, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү, алардын алдын алуу максатында тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан мекеме-ишканалар менен биргеликте профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Эргешов жана КР Президентинин Аппаратынын башка өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, калаанын вице-мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана МАБ башчылары катышты.
Биринчи суроонун алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баяндама жасап, 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан Ош шаарынын мэриясына караштуу 22 бюджеттик мекемеде жана 8 чарбалык ишканаларда бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү жүргөнүн белгиледи. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Шаар мэри Алмаз Мамбетов азыркы жетекчилерге бул маселени бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды.
Андан соң Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады. Анда мыйзамсыз объектилер, анын ичинде соода түйүндөр, көп кабаттуу үйлөр боюнча маселе көтөрүлдү. Калаа башчы Мамбетов тез аранын ичинде мыйзамсыз объекттерди бузуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле мэр Юго-Восток кичи районундагы жеке клиникалардын биринин тосмолорун эки жолу бузууга туура келгенин эске салды. Бул маселе боюнча мыйзам бузуучуга тиешелүү административдик айып салуу тапшырмасы берилди. Ага улай мэр муниципалдык мекемелерде жана кызматтарда заманбап пандустарды куруу иштерин активдештирүү тапшырмасын берди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарынын батыш тарабында бөлүштүрүүчү зонанын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Иш-чарага КР Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, облустук жана жергиликтүү энергетикалык ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты. Ошондой эле жаңы “Барсбек” көмөкчү чордонун куруу иштери башталды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, Орозо айт намазы шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу бүгүн вице-мэр Венера Рыскулова жетектеген Орозо айт намазын окууну уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болду. Жыйында тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө уюштуруу маселелерин чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Орозо айт намазы 2-майда саат 07:30да окулуп баштайт.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 28-апрель күнү Ош шаарында Рамазан айынын алкагында “Боорукердик” жатак үйүнүн жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, меценат Шумкар Пазылов катышты.

Акцияда “Боорукердик” жатак үйүнүн карыяларына жана балдарына майрамдык тамак-аш баштыктары, таттуулар, мончо буюмдары, самын жана жуучу каражаттар тапшырылды. Ошондой эле балдар үйүнүн тарбиялануучуларына самын, жуучу каражаттар, памперстер, балдар үчүн кийим-кечелер, канцелярдык товарлар менен жардам көрсөтүлдү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ЕРӨБ колдоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду, тагыраагы Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорун, “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоорун талкуулашты.
Өз сөзүндө мэр Ош шаарынын инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тыгыз кызматташууга даяр экенин белгиледи.
ЕРӨБнын Евразия инфраструктура департаментинин банкири Мээрим Аманова Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынын долбоорлорду ишке ашыруудагы тыгыз байланышын белгилеп, ЕРӨБ бул багыттагы иштерди эртерээк баштоого кызыктар экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө санитардык-коргоо зонасын түзүү, учурдагы таштанды полигонун жабуу жана рекультивациялоо, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун процедуралык маселелери талкууланды.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Апрель 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });