1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 03 Июль 2015 10:13

Ош Кыргызстандагы эң байыркы шаарлардын бири

 

 

 

Ош - 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы шаар. Б. з. ч. IV-к. – б. з. V-к.к. шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. IIX–X-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган. Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана ошондой эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.
Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырымдай. Калкы 200,5 миң адам. Шаар тургундарынын 43,70% - кыргыздар, 47.60% - өзбектер, калганы - орустар, түрктөр, уйгурлар, татарлар, тажиктер, лөлүлөр жана башка улут өкүлдөрү.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт.

 

 

 

Окулду 3856 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Август 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу