Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 09 Май 2018 08:53

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов,  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты.

Алгач  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюулду. Андан соң, майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен  жоокерлердин коштоосунда бобордук аянтка кирип келишти.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев  Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

“ Жеңиш майрамы менен жалпыңыздарды куттуктап, Жеңиштин туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин. Улуу Жеңиштин Туусу Рейхстагда желбирегенден бери 73 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каары, азап-тозогу, орду толгус жоготуулары көз алдыбыздан кетбей, биз менен кошо жашап келет. Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Алардын баскан жолу,   түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү   өмүрү эч качан унутулбайт. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма  театрларынын, "Келечек" балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, чек ара аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери

Ошондой эле, “Сүйүү” сейил бакгында «Аскердик талаа ашканасы» аталган жоокер-ардагерлер үчүн деп,  согуштун ардагерлерине, ооруктун каармандарына сый-тамак тартууланып, бийлик өкүлдөрү ардагерлер менен  баарлашты.

        Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу, 23 ооруктун  каармандары Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдап жатышат.

Окулду 24271 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });