Версия для печати
Четверг, 02 Июнь 2016 10:06

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев, облустардын жетекчилери,  фестивалдын катышуучулары жана шаар тургундары катышты.

Фестиваль алгач Кыргыз драма театрынын аянтында Ош шаарынын жаштарынын катышуусунда флеш моп менен башталды.

-“3016 жылдык тарыхы бар. эски шаардын элесин камтыган, тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Этномаданият” фестивалынын өтүп жатканы чоң жетишкендик. Маданий иш-чара тарых жана маданият жылынын алкагында биринчи ирет биздин шаарда өтүп жатат. Эки күн катар менен алты жерде келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салат, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак аштары, байыркы шаар, ууз чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алат. Бул кыргыз элинин ынтымагын , улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”,-деди А.Кадырбаев.

                 

Улуттук драма театрында, фольклордук музыка жаңырып, этномода жана кол өнөрчүлөр бөлүгүндө, этно дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр  жыгач усталар, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр, белек-бечкек буюмдарын жасоочулар буюмдарын көрсөтүштү. Андан соң,  “Этношаар көчөсү”  Кыргыз драм театрынан борбордук аянтка чейинки Ленин көчөсүндө уюштурулуп, бул көчө өткөнкү кылымдардагы Ош шаарынын көчөлөрүндөй кылып жасалган. Көчөдө наабайкана, устакана, дарчылар, комузчулар, маскарапоздор, короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, сөөрү, чайхана, өтүкчүлөр дүкөнү жана башкалар  көрсөтүлүп, керней-сурнайчылар, дойрачылар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Фестивалдын Токтогул паркындагы жайкы театрда   “Этномузыка”,  “ Байыркы көргөзмө” жана “Антиквариат” бөлүгү менен уланды. Бул жерге Ош,  Жалал Абад,  Баткен облустарынан жана Ош шаарынан катышуучу өнөр чеберлери жана коллекционерлер катышышып,анда байыркы түстүү металдан жасалган зергер буюмдары, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, монеталар,  букинистикалык  китептер көргөзмөгө коюлду. 

Ага улай, Токтогул паркында  “ Байыркы көз ирмем” деп аталган сүрөт, фото көргөзмөсүнүн ачылышы болуп, ага  Ош шаардык үйлөмө аспаптар оркестри концерттик программа уюштурушту.       

Иш-чарада  “Улуттук тамак-аш” бөлүгү “Өчпөс оттун” аянтында   улуттук  тамак-аштын түрлөрү, сүт азыктарынан жасалган  тамактар, эт азыктарынан жасалган тамактар, гүл азык, суусундуктар, палоо көрсөтмөсү болду. Мында Ош,  Жалал-Абад, Баткен, облустарынын жана Ош шаарынын катышуучулары түркүн даамдарды тартуулашты.

Ошондой эле, шаардын “Алымбек Датка” эс алуу багында Фестивалдын конокторунун катышуусунда “Каада салт” бөлүгү ачылды. Бул бөлүмдө тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү,  аскерге узатуу, өрлүктөө, көч келди, чач өрүү, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу каада салттары көрсөтүлдү.

Айта кетсек, Биринчи эл аралык “Этномаданият” фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында алты багытта өткөрүлүп жатат. Иш-чара 3-июнь күнү да уланып, Ош шаарынын борбордук аянтында гала концерт менен  салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат.

 

 

 

Окулду 22984 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо