Версия для печати
Пятница, 04 Октябрь 2019 12:30

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп жатат.

Анын алкагында акындын өмүр таржымалын чагылдырган фотосүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Ошондой эле, Ашык Вейселдин мааракесине арналган концерттик программа уюштурулуп, анда Түркиянын жана Казакстандын артисттери акындын ырларына жазылган чыгармаларды аткарышты.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргызстандын жана Казакстан, Өзбекистан, Түркиянын белгилүү ырчылары катышты.

 

Окулду 4119 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо