Версия для печати
Среда, 21 Март 2018 12:40

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият башкармалыгы менен биргеликте жарыялаган кароо-сынактардын жыйынтыгы болуп, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Россия,Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары, шаардыктар жана келген коноктор катышты.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттүү максатында уюштурулгандыгын белгиледи.

“Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Андыктан ырдап, бийлеп, манас айтып каада-салт, үрп-адаттарыбызды сактап, кийинки муундарга жеткирели. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын”,- деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында элдик кол-өнөрчүлөр ОУДТдин аянтына өздөрүнүн буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Аны менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардыктар менен биргеликте таанышып чыкты.

Алгач улуттук бий , манас айтуу, улуттук кийим, салттуу ырлар кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө чоң программадагы концерт тартууланып, андан соң шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акчалай сыйлыктарды, дипломдорду тапшырды.

Ал эми ыкчам Боз үй тигүүчүлөр кароо- сынагы боюнча биринчиликти “Алымбек Датка” этнографиялык борбору алып, 12 миң сом сыйлык алды.

Окулду 9499 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо